Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Талапкер декларация толтурбай эле шайлоого катыша алат


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Шайлоо кодексине өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап, аны кабыл алышкан жок. Депутат Турдакун Усубалиев тарабынан жазылган бул мыйзам долбоорунда келечекте шайлоого катышууну каалаган ар бир талапкер өзүнүн жана жакындарынын үй-мүлкү тууралуу декларация толтурушу милдеттендирилген эле. Талкуудан соң мыйзам долбоору үч жолу добушка коюлуп, колдоо тапкан жок.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, эми келечекте депутаттыка талапкерлер эч кандай декларация толтурбай эле шайлоого катыша алышат.

XS
SM
MD
LG