Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:39

Ысыккөл оюндары аяктады


БИШКЕК. 17-сентябрда Өкмөт үйүндө эл аралык Ысыккөл оюндарынын жыйынтына арналган пресс- конференция болду. Быйыл 4-ирет өткөрүлгөн Ысыккөл оюндарына 6 мамлекеттин 881 спорт ардагерлери катышып, спорттун 12 түрү боюнча таймашуулар болду. Бул оюндарга Орусиянын, Кытайдын жана Пакистандын спорттук делегациялары келишти.

Жалпы жыйынтыкта жеңип алган медалдардын саны боюнча Кыргызстан алдыда болгону менен, алтын байгенин санына жараша Орусиянын командасы биринчиге чыкты. Орусиялыктар 28 алтын байгелүү болсо, кыргызстандыктар 21 алтын медаль уткан. Казакстандын командасы үчүнчү орунду ээледи.

«Кытайлыктар быйыл азыраак спортчулар менен келип, төртүнчү болушса, кийинки жылдары баш байгеге талапкер болчудай,» деди Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков.

Эмдиги жылы 5-эл аралык Ысыккөл оюндарына Ооганстан, Иран, Түркия жана Индиянын командаларына да чакыруу жиберилип, деңгээли жогору болоору айтылды. Быйылкы Ысыккөл оюндарын өткөрүүгө өкмөттүн казынасынан 1 млн. 650 миң сом бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG