Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:29

Нарын облусунда жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка 1227 талапкер көрсөтүлдү


НАРЫН. Мындай маалыматты губернатордун пресс-катчысы Айсалкын Карасартова билдирди. Анын айтымында Теңиртоо өрөөнү боюнча жалпы 810 айылдык, шаарчалык жана шаардык кеңештердин депутаттык орундары үчүн 1227 талапкерден арыз түшкөн. Алардын жетимиш бири "Алга, Кыргызстан!", жыйырма тогузу "Адилет" партияларынан сунуш кылынса, коммунисттер жана "Менин өлкөм" партиялары он экиден талапкерди көрсөтүшкөн. Депутаттыкка ат салышкандардын 18 пайызы же 224 аялдар. Ал эми Нарын шаарынан шайлануучу 28 депутаттык мандат үчүн 96 талапкерден документтер келип түшкөн.

XS
SM
MD
LG