Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Иракта бүгүн жарылган бомбадан жыйырма адам набыт кетти


Ирактын Киркук шаарындагы Улуттук гвардиянын баш ордосунун алдында бүгүн бир жанкечти өзүн өзү жардыргандан, жыйырмага жакын адам курман болду. Түндүктөгү Мосул шаарында болсо өкмөттүк мунай компаниясынын президенти Мохамед ал-Зибаринин өмүрүнө кол салынды, ал тирүү калды. Бакуба шаарында студенттер тобуна мина атылды, тогуз адам жараат алды. Америкалык аскерлер болсо Фаллужа шаарын бомбалады, үч адам өлгөнү тууралуу кабарланууда. АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, Ирак менен Ооганстандагы абал начарлап баратат.

XS
SM
MD
LG