Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Шанхай уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Бишкекте


БИШКЕК. 23-сентябрда Бишкекте өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешмесине Казакстандын премьер-министри Даниал Ахметов, Кытайдын мамкеңешинин премьери Вэн Цзябао, Тажикстандын вице-премьер-министри Асадуло Гуломов, Өзбекстандын премьер-министринин орунбасары Уткир Султанов бүгүн Бишкекке келишти. Орусия өкмөт башчысы Михаил Фрадковдун да келиши күтүлүүдө.

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы Ташкендеги жыйында жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу үчүн соода-экономикалык, транспорт, жаратылышты коргоо, гуманитардык жана энергетикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү боюнча маселелер каралышы күтүлүүдө.

Ошондой эле маалымат-технологиялык жана башка тармактардагы кызматташуулардын программасы бекитилет. Террорчулукка каршы күрөшүү жана коопсуздук маселелери каралат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG