Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

“Айыл өкмөтү” кинотасмасы байге алды


БИШКЕК. Кинорежиссер Эрнист Абдыжапаров тарткан “Айыл өкмөтү” кинотасмасы КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн Анапа шаарында өткөн XIII “Киношок-2004” кинофестивалында “эң мыкты сценарий” үчүн баш байгени жеңип алды. “Айыл өкмөтү” кинотасмасы кыргыз өкмөтү тарабынан каржыланып тартылган алгачкы кинокомедия. Анда белгилүү куудул Күмөндөр Абылов башкы каарман айыл өкмөт башчысынын образын жогорку чеберчиликте жарата алган.

Ошондой эле “Киношок” эл аралык фестивалында Казахстандын киночулары жараткан “Аралдын жаралышы” жана “Мергенчи” кинотасмасы баш байгеге татыктуу болду. Кыргыздын белгилүү сүрөтчү, киноактеру Догдурбек Кыдыралиев “Мергенчи” кинотасмасында башкы каармандын ролун ойногон.

XS
SM
MD
LG