Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Кыргыз-тажик жоокерлеринин биргелешкен машыгуусу башталды


БИШКЕК. Бүгүн Тажикстандын Жергетал районунун аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын коргоо министрликтеринин башкармалыктары менен атайын бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлеринин биргелешкен 3 күндүк машыгуусу башталды. Ага Кыргызстандан 3 чалгындоо тобунан турган атайын даярдыктагы 41 жоокер катышууда, деп билдирди бүгүн коргоо министрлигинин маалымат кызматынан.

Эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин бийик тоолуу шарттарда өткөргөн машыгуусунда куралчан топторду курчоого алуу, аларды жок кылуу жана террорчулукка каршы аскердик операциялар жүргүзүлөт. Машыгуу 25-сентябрда жыйынтыкталып, ага Коргоо министри Эсен Топоевдин да катышуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG