Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

ОКТЯБРДА ИРАККА НАТО АДИСТЕРИ ЖИБЕРИЛИШИ МҮКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 22-сентябрда НАТО уюмунун жетекчилиги Иракка өз адистерин жиберүүгө макул болду. Багдаддын алдында коопсуздук академиясы түзүлөт жана НАТО адистери эми анда Ирактын коопсуздук кызматкерлерине сабак берип, аларды машыктырат. Анткен менен Алмания жана Франциянын адистери Иракка барбайт.

НАТО адистерин Иракка жиберүүгө уюмдун негизги европалык мүчөлөрү Алмания менен Франция жана кээде Белгия дагы каршы чыгып келген. Ирак согушун баштоону Берлин менен Париж башынан жактырган эмес жана НАТО адистеринин катарында алардын жарандары Иракка келсе, бул эки өлкө согушту мыйзамдуу деп тааныган сыяктуу болмок. Экинчи жагынан, Франция жетекчилиги өз жарандарын Ирактагы америкалык башкаруучулук карамагына жиберүүгө дагы макул эмес.

Анткен менен 22-сентябрда Брюсселде мунаса табылды жана Женевадагы Коопсуздук саясаты боюнча борбордун кызматкери Шахрам Чубиндин пикиринде, бул зор жетишкендик:

- Менин пикиримде, бул кадам менен НАТО Америка Кошмо Штаттарына зор жардам кылып, Ирактагы башаламандык уюмдун кызыкчылыгында эмес экенин көрсөттү.

Бирок Лондондогу Биридиктүү кызмат институтунун эксперти Марк Жойстун айтымында, НАТО адистеринин чакан тобунун Иракка келгени менен өлкөдөгү абал өзгөрүп кетпейт:

- Ирактын коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү коопсуздукту дагы көпкө чейин өздөрү камсыз кыла албайт. Ирактагы абал болсо улам начарлап баратат, жакынкы келечекте америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр болоорунун белгиси да жок. Мындай жагдайда НАТОнун абдан аз сандагы күчтөрү коопсуздукту жакынкы айларда жакшыртып жибере албайт.

НАТОго мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү 22-сентябрда кабыл алган чечимге ылайык Багдаддын алдында түзүлүп жаткан коопсуздук академиясында сабак бере турган үч жүзгө жакын эксперттин өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн дагы кошумча аскерлер жиберилүүгө тийиш, алардын саны канча болоору азырынча белгисиз.

Франция мурда андай коопсуздук үчүн америкалык аскерлер жооптуу болууга тийиш деп келген, бирок Франция баары бир Иракка өз адистерин жибербейт. Париж жана Берлиндин айтымында, Иракка азырынча бир да франциялык же немис адиси барбайт, алар ирактык аскерлерди машыктырууга тийиш болсо, андай кызмат Ирактан сырткары жерде гана ишке ашырылат.

Эксперттердин айтымында, Алмания менен Франциянын мындай чечимине НАТОнун кээ бир башка мүчө-мамлекеттери дагы кошулушу мүмкүн.

Андан тышкары, НАТОнун адистери иштей турган академия расми түрдө аскерий түзүлүш болбойт. Ал эми алардын ишин камсыз кылууга талаптуу мүлк үчүн НАТО төлөбөйт, андай каржылоо милдети - адистерди жиберип жаткан мамлекеттердин өздөрүнө жүктөлүүгө тийиш.

Мындай чектөөлөр - НАТОнун жетекчилигиндеги талкуу канчалык татаал болгонун жана Алмания менен Франция өз турумун өтө деле жумшартпаганын көрсөтөт. Июнда Ыстамбул шаарында өткөн уюмдун бийик жолугушуусунда Франция президенти Жак Ширак Ирак маселесин чечүүгө НАТОнун катышканына каршы чыккан. Бирок андан соң өткөрүлгөн узак сүйлөшүүлөрдөн кийин жана Ирактын жаңы утурумдук өкмөтү жасаган суранычтардан улам, августтун башында Багдадка НАТОнун элүүгө жакын эксперти келген. Алар жагдай менен жеринде таанышып, уюмдун жетекчилигине сентябрдын башында өз сунуштарын берген.

Анткен менен НАТОго мүчө 26 мамлекеттин он алтысынын аскерлери азыр АКШ жетектеген коалициянын курамында Иракта аракеттенүүдө, бирок алар расми түрдө уюмдун аскерлери болуп эсептелбейт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG