Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

В.Путин Орусия демократия жана базар экономикасынан тайбайт деди


24-сентябрда Москвада эл аралык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушкан Путин Орусия Конституциянын жана эл аралык мыйзамдардын чегинде террорчулукка каршы күрөш жүргүзөөрүнө көңүл бурду:

- Басма сөз эркиндиги – биздеги демократиянын түпкү негиздеринин бири, биздин өлкөнүн демократиялуу өнүгүшүнүн көз карандысыздыгынын кепили. Маалымат каражаттарындагы сын пикирлер өкмөткө дайыма жага бербесе да бийликтин бардык тепкичтери үчүн пайдалуу экенинде шек жок.

Орус президенти бул сөздөрүн жакында өзү көтөргөн Кремлдин бийлигин күчтөндүрүү демилгеси Орусияда жана чет мамлекеттерде кеңири сындалып жаткан чакта айтты.

Андан тышкары Путин Кремль "ЮКОС" мунай компаниясын улутташтырбайт деп ишендирди. Ал ошондой эле Иранды – Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиктин бардык талаптарына баш ийүүгө жана байытылган уранды өндүрүү аракеттерин токтотууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG