Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

ЧИЛИ: МУРДАГЫ ДИКТАТОР ПИНОЧЕТ СУРАККА АЛЫНДЫ


Чилинин мурдагы диктатору Аугусто Пиночет өткөн ишембиде (сентябрдын 25инде) өлкөнүн сотунда суракка алынды. Сурак маалында «Жору иш-чарасы» деп аталган иш-аракеттин чоо-жайы башкы орунда турду. Пиночет бийликте турган 1973-1990-жылдары Латын Америкасындагы хунталар саясий каршылаштарын таап, көзүн таалоо боюнча тымызын тармак түзүшкөн. Тармактын тузагына илинген кишилердин арасында болгон бери дегенде 19 солчул саясатчы набыт кеткен. Жалпысынан, 3 миңдей киши Пиночеттин режими маалында өмүрүнөн ажыраган.

Өткөн ишембиде Чилинин ордо шаары Сантягонун чет жакасындагы Аугусто Пиночет турган үй курчоого алынып, мында сот Хуан Гузман 88 жаштагы карыяны алгачкы жолу суракка алды. Гузман мырза Пиночетке каршы ондогон арыздардын негизинде сот ишин баштоо үчүн камылга көрүп жатат.

Ройтерс кабар агенттигинин белгисиз булакка шилтеме кылып маалымдашынча, Пиночет «Жору иш-чарасынын» жүрүшүндө дайынсыз жок болгон 19 киши тууралуу өзүнүн кабардар болбогондугун сотко ишембидеги сурак маалында айткан экен.

Гузмандын өзүнүн айтымында, отуз мүнөткө жетпеген алгачкы суракта Пиночет бардык алты суроого жооп берди.

Чилинин Жогорку соту быйыл август айында мурдагы мамлекет башчы, сенатор Пиночеттин кол тийбестик ыйгарым укугун алып салды. Бул чечим көпчүлүк чилиликтер үчүн капысынан болгонсуду. Ал эми сот Гузман мурдагы диктаторду суракка алып, сот жараянын баштоо үчүн мүмкүнчүлүк алды.

22-сентябрда чилилик суучулдар Тынч океандын боюндагы Квинтеро жергесинен бир чакырымдай алыстыктагы тереңдиктен шектүү релс сыныктарын таап, жээкке алып чыгышты. Суучулдар сот Хуан Гузмандын (Juan Guzman) буйругу боюнча бул сыныктарды көптөн бери издеп жатышкан.

Укук коргоочулардын жана мурдагы хунтадан жабыр тарткандардын жакындарынын айтымында, генерал Аугусто Пиночет бийлик кылып турган 1973-1990-жылдары өлкөдө дээрлик 3 миңдей киши кыйноого алынып, өлтүрүлгөн. Генерал Аугусто Пиночеттин режими 1970-жылдары чилилик коммунисттердин жана башка солчулдардын бир катар жетекчилерин сотсуз эле кыйнап өлтүргөн.

Набыт болгондордун көпчүлүгү 1973-жылы 11-сентябрда уюштурулган төңкөрүш маалында урушуп жатып курман болгон солчул президент Салвадор Альенденин тарапкерлери эле.

Чилилик аскер жетекчилигинин ардагер өкүлдөрү чынында да Пиночеттин тушунда режимдин душмандары мерт кылынып, алардын сөөктөрү тик учактар менен ташылып, мухитке ыргытылган деп 2001-жылы моюнга алышкан. Алардын көрсөтмөсү сот Гузман үчүн алиги релс сыныктары жаткан мухит таманын аныктоого көмөкчү болду.

Мурдагы диктаторду адилет сот жазасына тартуу аракети 1998-жылы жасалган. Испан соту чилилик экс-диктаторду камакка алуу тууралуу буйрук чыгарган соң, Британиянын полициясы генерал жана сенатор Пиночет Лондонго келген чагында аны убактылуу камакка алып, кайра 2000-жылы жазында бошотууга аргасыз болгон.

Ошол учурда Британиянын ички иштер катчысы кызматын аркалаган Жэк Стро (Jack Straw) 2000-жылы 2-мартта Британ парламентинде чыгып сүйлөп, сенатор Пиночеттин акыл-эси менен байланыштуу начардаган саламаттыгынын абалы аны соттой турган сот үчүн адилеттикти камсыз кылып бере албайт деген жүйөөнү айткан. Стро карыган экс-диктаторду өз өлкөсүнө койо берүүгө аргасыз болуп жатканын мындайча билдирген:

- Эл аралык кылмыш жасады деп айыпталган кишилерге карата жалпы соттук система колдонулат деген принципке мен өтө олуттуу маани берем. Ошондой эле, сенатор Пиночетти Испанияга өткөрүп берүүдөн баш тартуунун иш жүзүндөгү кесепети – бул анын эч бир жерде соттолбой кала тургандыгынын ыктымалдыгы экенин да өтө дурус билип турам.

Азыр да Пиночеттин адвокаттары эски ыкманы колдонуп, карыя жакынкы болочоктогу сотто жооп бере албайт, анын саламаттыгынын начардыгы буга мүмкүндүк бербейт деген жүйөнү айтууда. Ал эми хунтадан жабыр таркандардын коргоочусу Хуго Гутиеррездин (Hugo Gutierrez) оюнча, Пиночет эч маалкатуусуз соттолууга тийиш:

- Биздин ишенимибизде, Пиночеттин акыл-эсинин жана саламаттыгынын начардап кеткендиги тууралуу маалымат элибизди жана эл аралык коомчулукту алдоо болчу. Пиночет саламаттыгына шылтап, жазадан кутулуп кала албайт. Биздин талабыбыз айдан ачык – Пиночет сот алдына келүүгө тийиш.

Ал эми «Жору (Condor) иш-чарасы» деп аталган аскердик иш-аракеттин маалында дайынсыз жок болгон саясий туткундун жакыны Гонзало Муноз (Gonzalo Munoz) генерал Пиночет адилет жазага тартылаарында күмөн калбай калды деген ишенимде:

- Сот Гузман үчүн Аугусто Пиночетке каршы ушул учурда тергелип жаткан иштер боюнча сот жараянын баштоодон бөлөк жол жок. Далилдерди бүгүн ачык көрүүгө болот. Анын күнөөсү жоктугу тууралуу презумпцияга деле орун калган жок. Пиночеттин кол тийбестигин алып салуу үчүн далилдер жетиштүү. Жакын арада ал тийешелүү сот жараянына кабылат жана айыптуу деп табылмакчы.

Былтыр ноябрда Аугусто Пиночет сыналгы үчүн маек куруп, өзүн периштеге теңеген жана өлтүрүлгөн солчулдар үчүн өзүн күнөөлүү деп санабай турганын айткан. Бул маек анын акыл-эси жайында экенин коомчулукка айгинелегенсиди. Чили өкмөтү аны адамгерчиликсиз жана кесир сөздөрдү айтты деп жекирсе, укук коргоочулар генералды «өлүмдүн периштеси» деп атап чыкты.

Быйыл июл айында Кошмо Штаттардын бийлиги эл аралык террорчуларга таандык деп шектелген тымызын банк эсептерин иликтеп жатып, капылестен Вашингтондогу Риггз Банктын (Riggs Bank) эсебинен Аугусто Пиночет жашыруун салган 8 миллион доллар акчаны таап алды. Ушул тапта чилилик тергөөчүлөр жакыр өлкөнүн жарытылуу эмес айлыгын алган генерал бул акчаны кантип топтогон деген суроого баш оорутуп жаткан кез.

Мурдагы макаланы караңыз:
http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2004/09/15AD44FB-EB78-49FF-8238-AF40974B9871.asp

XS
SM
MD
LG