Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

МАЙЛУУСУУ УРАН КАЛДЫКТАРЫН РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО


Султан Раев, Бишкек Борбор Азия чөлкөмүнө экологиялык коркунуч туудуруп келген Майлуусуу уран калдыктарын реабилитациялоого Бүткүл дүйнөлүк банк 11 миллон доллар бөлүп берген. Бирок, Жалалабад облусунун бейөкмөт уюмдары бул долбоорго Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан каражат максаттуу түрдө жумшаларына ишенбейт. Алардын айтымында жергиликтүү бийликке, курулуш иштерин жүргүзүүчү мекемелерге коомдук уюмдар тарабынан катуу көзөмөл керек.

Майлуусуудагы уран калдыктарын реабилитациялоого бөлүнгөн Бүткүл дүйнөлүк банктын 11 миллон доллар өлчөмүндөгү каражатынын тегерегинде коомдук пикирде ар кандай ачакей ойлор айтыла баштады. Мындай түрдүү багыттагы ойлордун айтылышы, бейөкмөт уюмдардын бийлик тарабынан жүргүзүлө турган иштерине күмөн саноо менен мамиле кылуусуна негиз бар дешет коомдук байкоочулар. Анткени, ушул эле Жалалабад облусунун аймагына бөлүнгөн чет элдик инвестициянын азыркы күндө изи табылбай, бул долбоорго катышкан мамлекеттик чиновниктердин жеп-ичүүсүнөн улам 16 млн. Америка долларына чейинки каражаттын чыры дале уланып келет. Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан бул долбоордун иши 2005-жылдын март айынан башталмакчы. Долбоорду аткаруучулардын баш тизмесинде Кыргыз Республикасынын күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин адистери турат. 11 миллон долларга долбоорлоо иштери, жаңы тазалоочу жайларды, селге туруштук бере ала турган каналдарды куруу, уран калдыктары жайгашкан объектилерди темир менен курчоо иштери да каралган. Ошондой эле добоорго ылайык Майлуусуу дарыясына чукул жайгашкан эки уран калдыктарын сактоочу жайды да кооопсуз жерге көчүрүү да каралган. Аталган долбоорго шаар бийлигинин катышы тууралуу Майлуусуу шаарынын биринчи вице мэри Анарбек Кулумбетов:

- Ал ары-бери кете турган акча эмес. Алар ишенбесе ишнебей жаза берет. Өзүлөрү менен жолугушуп, тегерек үстөл өткөрүп, ар биринин суроосуна жооп берүү керек. Каржылоо 2005-жылдан башталат. Буга ишенбей койгондой бул жөнөкөй эле бизге счетко түшүп жок болуп кете турган акча эмес. Бул атайын целевой бир направлениедеги келип аткан акча.

Бүтүкүл дүйнөлүк банктын, ОБСЕнин өкүлдөрү жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги менен болгон жолугшууда Жалалабад облусунун бейөкмөт уюмдары бул долбоор коомчулукка ачык, айкын болушу үчүн жарандык коомдорду да активдүү тартуу сунушун айтты. Бул жагдайга Фергана өрөөнүндөгү медиа биримдигинин жетекчилеринин бири Бакыт Орунбеков:

- Коомчулук тынчсызданып жатканынын жөнү бар. Анткени бул убакытка чейин республикага келген ар кандай жардамдар, гранттар, кредиттер бийлик башында тургандар аркылуу эле бөлүнүп кетип, же болбосо өзүнүн багыты менен жумшалбай элдин ишениминен чыгып калган. Мамлекеттик, регионалдык маанидеги чоң объектиге жумшалып жаткан каражаттарды коомчулуктун өкүлдөрү граждандык коомунун өкүлдөрүн катыштырып чечиши керек. Бардык кетип жаткан каражат, чыгымдар ачык, даана элге айтылып турушу керек элдин эртеңки келечегине жумшалып жаткандан кийин, - деди Бакыт Орунбеков.

Бул пикир жалпы эле Майлуусуу уран калдыктарынын зыянынан чоочулаган бардык жарандык коомдун ой-пикрин билдирет дейт коомдук пикир өкүлдөрү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG