Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР КУРМАНБЕК БАКИЕВ "КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫНЫН" МАКСАТТАРЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 28-сентябрда Бишкекте 9 оппозициялык саясий партиялар биригип түзгөн "Кыргызстандын элдик кыймылы" бирикмесинин жетекчиси, президенттикке талапкер, экс-премьер-министр Курманбек Бакиев маалымат жыйынын өткөрдү. Ал жаңы уюмдун башкы максаты - келээрки жылы Конституциянын негизинде бийликти алмаштыруу экендигин жарыялады.

Маалымат жыйында Бакиев адегенде өзү жетектеген уюмдун эки негизги максатына токтолду:

-Биричиси - бардык шайлоо жараяндарына, жерегиликтүү кенештерге, Жогорку Кеңешке болгон шайлоолорго жана президенттик шайлоого жигердүү катышуу. Биздин экинчи башкы максат – бул 2005-жылы бийликти демократиялык жол менен алмаштыруу .

Курманбек Бакиев белгилегендей, азыр уюмдун алдында турган башкы маселелердин бири – кыймылдын саясий базасын чыңдоо болуп эсептелет.

Кыймыл тарабынан таратылган билдирүүдө «Биз азыркы "үй-бүлөлүк" топтун үстөмдүгүндөгү кызыкчылык үчүн негизги мыйзамды өзгөртүүгө, алдыдагы шайлоолорду бурмалоо жолдору менен парламенттик көпчүлүктү түзүүгө, негизгиси – бүгүнкү бийликти сактап калууга каршыбыз. Кыргызстандагы бардык демократиялык, патриоттук жана конструктивдүү оппозициялык күчтөрдүн биримдиги үчүн, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин сактоо үчүн күрөшөбүз. Президенттикке бир талапкерди сүрөө - биздин жеңишибиздин кепили болооруна ишенебиз», - деп айтылган.

Журналисттердин "келечекте Кыргызстандын парламенттик өлкө болушуна көз карашыңыз кандай?" деген суроосуна Бакиев:

- Азыр Кыргызстанда президенттик башкаруу сакталгыны оң. Анткени, биздин өлкө өткөөл мезгилди башынан өткөрүүдө. Азырынча чечилбеген маселелер көп. Экономика, тартип коргоо жана башка көптөгөн тармактарда. Ошондуктан, азырынча парламенттик түзүлүшкө өтүү эрте, - деп жооп берди.

Бакиев журналисттердин суроолорун жооп берип жатып, кийинки президенттик шайлоого Аскар Акаев катышпайт деген ишенимин жана өлкөдө референдум өткөрүүгө каршы экендигин билдирди:

- Президент өлкө башчысы катары өз сөзүнө турушу керек жана Конституцияны, мыйзамдарды сакташы керек. Мен айта алам – ал президенттикке барбайт. Биринчиден, сөзүно туруш керек. Экинчиден - президенттикке барууга ага Конституция жол бербейт.

Референдум маселеси боюнча буга чейинки "Азаттыктын" суроосуна президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков "андай сөздөрдү негизсиз" деген эле:

- Референдум өткөрүлөт деген маалыматтар негизсиз. Бул - алар тарабынан ойлонулуп чыгарылган ушак-айың кептер. Референдум болобу-болбойбу – бир гана кудай билет жана эл билет. Убагы келгенде көрөбүз да.

28-сентябрдагы маалымат жыйынында "Кыргызстан элдик кыймылына" кирген партиянын жетекчилери жергиликтүү шайлоолорго жигердүү катышуу багытындагы алардын иш-аракеттери бир аз кечеңдеп калгандыгын, бирок парламенттик шайлоого уюштуруучулук менен катыша тургандыктарын билдиришти.

Кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиев Аксы окуясына күнөөлүүлөр бугүнкү күнгө чейин жоопко тартылбай жаткандыгын, өлкөнүн экономикалык абалы оор экендигин жана коррупциянын өтө өнүгүп, тамырлап кеткендигин айтты.

Ал ошондой эле "Кыргызстандын элдик кыймылы" буга чейин түзүлгөн саясий блоктор менен биригиши мүмкүн экендигин жана уюм алдына койгон максаттарына жетиш үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди:

- Ар бир саясий уюм өзүнүн идеясын ишке ашыруу үчүн талыкпай иштеши керек. Биз да алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырыш үчүн аракеттенебиз.

Кыймылдын уюштуруу курултайы октябрь айынын экинчи жарымында өтөт жана анда уюмдун жумушчу органы түзүлүп, программасы жарыяланат.

Аталган кыймылдын түзүлүшүнө карата ар кандай көз-караштар бар. Бир катар саясатчылар кыймылдын түзүлүшү демократиялык жараяндарды активдештирүүгө жол ачат деген пикирлерин айтышса, айрымдар жаңы саясий кыймылдын түзүлүшү оппозициялык күчтөрдүн биригишин шарттай албайт дешет.

XS
SM
MD
LG