Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

МУРАТБЕК МУКАШЕВДИН ЖЫЛДЫЗЫ


«Адам жана тагдыр» түрмөгүбүздүн бүгүнкү каарманы - белгилүү банкир, парламент депутаты, акын жана инсан Муратбек Мукашевдин өмүр-тагдыры жана чыгармачылыгына арналат.

Уккулуктуулугу менен угармандардын көңүлүнөн түнөк тапкан “Келем сага“ деген ырдын сөзүн Муратбек Мукашев, обонун Арзибек Бедияров жазган. Бул өңүттөн караганда Мукашев мырза чыгармачылыкка жакын экендигин укканыбыз бар. Анан "Мукашевди кырсык чалган экен" деген маалыматты ким кандай түшүнөт. Антип сурабасак да башка түшкөн ал күндөрдү, бир буттан ажыраткан мүнөттөр ар бир адамдын кайратын сынайт белем, Муратбек Мукашев "өз бутума өзүм турам" деп көгөрүп жүрүп, чыгарма жазып, өзүн-өзү алаксытканын, айыктырганын айтат.

""Кырсык деген кырсык, каш кабактын ортосунда" дегендей, кээде мындай кырсыктар адам колу менен да жасалат" дейт кеп арасында Муратбек мырза. Бирок кудайдын буйругу деп да белгиленет.

Мындайча айтканда Мукашев дуушар болгон бир кездеги оор тагдыр аны ыр жазууга түртүптүр. Жабыркап калбай, мүңкүрөп отурбастан, андай оор күндөрдү ыр жазуу менен өткөрүптүр. Жерди сагынууга, элге болгон урмат-сыйга, сүйүү сезимдерине жык толуп, жүрөк кыйкырыгы болуп чыгыптыр. Адам баласынын башына күтүүсүз түшкөн кыйчалыш тагдырды кай бир адамга дегиле ыраа көрбөйсүң.

Муратбек Мукашев сөз арасында “Келем сага” деген ырынын жаралышы тууралуу мындай деди:

- "Өз тагдырыңдан алыс кеталбайсың" дегендей, мен Алыкул Осмоновду гений деп баалаганымдын себептери бар. Ал он жети жыл бою оорунун азап-тозогу менен күрөшүп жатып, укмуштуудай ырларды жазып калтырды. Ырларында бир кейипкерлик байкалбайт. Анын улуулугу ошондо болуш керек. Менин “Келем сага” деген ырым туулган жерим, мекеним Кегетиге арналган.

Муратбек Мукашевдин депутат катары аркалаган жүгүн жана учурда ээлеген банкирлик кызматын айтпаганда да, ал ишин мыкты билген, өз пикири өзү менен кошо жаралган инсан экени жасаган ишинен көрүнүп турат. Анын саясый көз карашы - Ата-журтун сүйүү. Ар бир ишке ушундан чыгып мамиле кылат.

Өзгөчө, дүйнөлүк адабиятта аты калган улуу жазуучу-акындардын чыгармаларын терең түшүнүп, алардан айрым үзүндүлөрдү жатка айтат.

Айтмакчы, Алыкул Осмонов тууралуу Муратбек Мукашев буларды жазган: «Тагдыр мени Алыкулга кайрадан жолуктурду. 35 жашында көз жумган акынга 49 жашымда жолуктум, Алыкулдун чыгармаларын кыргыз жана орус тилдеринде кайрадан окуп отуруп, маанисин, турмуштагы ордун түшүндүм. Мен тагдырыма эмес бактыма кездешкендей болдум. Менин маңдайымда гений турду, турганда да он сегиз жыл бою өз жашоосунун азап-тозогу менен күрөшкөн, өзүнүн гений экенине көзү жетип, бирок узак жашай албасын түшүнүп, өлгөнгө шашкан, аябай шашкан гений турду. Шашып баратып, түгөнүп баратып ополтоодой шедеврлерди жаратып кеткен адамдар менен кантип сыймыктанбайсың", деп жазылган Мукашевдун китебинин бет ачарында.


Муратбек Мукашев мырза ушундай ой-кыялдарды, күчтүү демди, кайратты, ооруга жеңилбестикти Алыкул Осмоновдун өмүр-чыгармачыл тагдырынан үйрөнгөн экен дейсиң. Анткени анын китебинде мындай деп жазылган сөздөр бар:

“Өз тагдырыңдан алыс кете албайсың, сени менен чогуу баратып, чогуу жүрүп, анан бир күнү эле сенден узап кеткен, сен эми ага эч качан жете алгыс болгон, антсе да ошол сен жетпеген, сен өзгөртө албаган кымбат нерселер менен өзүңдү өзүң алаксыткан учурду тагдыр деп атагың келет, анын тагдыр болуп калышын ушунчалык каалайсың. А балким тагдыр деген ушу чыгаар”, деген Мукашедин сөздөрүнөн соң “Келем сага” деген ырлар жаралып отурбайбы.


Мукашев өзүнүн калемине таандык ырлары, тагдыры тууралуу айтып отуруп, жакшы ырдын текстинин бактысы аны жар салып көкөлөткөн обонунда дейт. "Андыктан обончуларды, ырчыларды урматтайм" дейт. Мукашев өзүн прозаик же акын деп эсептебейм деди. Мындай айтканда көп кырдуу киши. Адам ушундай кайраткерлиги менен адам деген бүтүмгө, ойго келесиң.

XS
SM
MD
LG