Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Муса Мураталиев, Москва Ингушетиянын мурдагы президенти Руслан Аушев шейшемби күнү Москвада журналисттер менен жолугушту. Ал Бесланда 2-сентябрда барымтачылар менен тил табышып, мектептин ичине кирип, 26 кишини бошотуп чыккан.

Кийин орусиялык басылмаларда "Бесландагы мектепти алганга Аушевдин жээни катышыптыр, ошондон улам аны менен барымтачылар сүйлөшүптүр" деген маалымат пайда болгон. Аушев андай кепти четке кагып барымтачылар менен жолукканда алардын ортосунда эмне кеп болгонун айтып берди. Акырында Түндүк Кавказда жаңы согуш чыгып кетүү коркунучу бар деп эскертти. Аушев чочулаган аңырт Ингушетия менен Түндүк Осетия ортосунда Бесландагы кызылдай кыргындын кырк күндүгүндө чыгышы ыктымал экен.

Андай болгондо ага Чеченстан, Дагестан, Ингушетия, Кабарды-Балкар, Түндүк Осетия жана Грузиянын өз кызыкчылыгы болот деп айтты.

Бесланда барымтачылар балдарды, аялдарды жана карыларды мектепте камап жатканда Аушевди арачы болуп бер деп министр Сергей Шойгу өтүнгөн экен.

Ал эми барымтачылар Орусия президентине саясий талап койгон экен:

- Чеченстандагы согушту токтотуу. Федералдык аскерлерди чыгарып кетүү. Чеченстан жумурияты андан кийин КМШнын курамына кошулат. Чеченстан жумурияты рубль жүгүргөн алкакта калат. Чеченстан федералдык күч менен бирдикте үчүнчү тарапты киргизбейт жана бүтүндөй Кавказдын коопсуздугун колго алышат деп жазылыптыр. Аны "баштан-аяк үнүмдү чыгарып окуп чык" деп мага буюрушту. Окуп чыкканымдан кийин түшүндүңбү деп сурашты, - деди Аушев. Ал андан аркы кебинде:

- "Президент аскерлерин Чеченстандан чыгарып кетүү боюнча жарлыгын сыналгыдан жарыялагандан кийин барымтадагыларды коё берүүнү баштайбыз" деп жазып, анан этегине "Улуу урматтуу президент Путинге Алла тааланын кулу Басаевден" деп жазылыптыр. Ал катты мен штабга бердим. Штаб аны Москвага бериши керек болучу. Москвадан бир жооп болот деп Аслахановдун келишин күтүп калганбыз, - деди генерал Аушев.

Барымтачылардын чоңунан Аушев "сүйлөшүү ким менен болушу керек" деп сураганында:

- Масхадов менен дешти, - деди.

Бесландагы кызылдай кыргын Орусияны, болгону эки күндөн кийин башка өлкөдө ойгонгондой кылды. Чиедей балдарды чыркыратып кыруу өлкөнүн жетекчилигин кескин кадам жасоого мажбурлады.

Мамлекеттин саясий түзүлүшүн кайра куруу башталды. Буга дейре эл аралык коомчулук тараптан Чеченстан жикчилдер менен кепке келүү керектир деген ой-тилек эми аткарылбачудай болуп калгансыды. Президент Путин андай маанайын алдыңкы аптада Москвада өткөн маалымат жыйында билгизди:

- Мына ушундай айбанчылыкты жасап аткан кишилерди козголоңчулар деп атайбыз. Эгерде кимде-ким өзүнүн саясий мүдөөсүн момундай жол менен ишке ашырам десе, анда андай кишини баарыбыз: киши өлтүрүүчү жана терорчу деп атынан аташыбыз керек.

Ингушетиянын биринчи президенти Руслан Аушев кебинин этегинде мүдөөгө мүдөөнү каршы коюу керек, аны куралдын жардамы менен жеңем деш жаңылыштык, деди.
XS
SM
MD
LG