Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Жакында белгилүү орус археологу, кыргыз таануучу аалым Юлий Худяков «Багырдын кылычы» аттуу жаңы китебин жарыялады. Ал - Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жетектөөчү илимий адиси, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. Назарыңыздарды новосибирскилик бул окумуштуу менен маекке бурабыз.

Юлий Сергеевич маегин жаңы китептин («Сабля Багира») жаралыш таржымакалы тууралуу сөзү менен баштады:

- Бул эмгегим – илимий-жамаагаттык китепке жатат. Аны даңазалуу археологиялык табылганын – Багырдын кылычы делген эстеликтин аты менен атадым. Бул кылычты ленинграддык археолог, маркум Александр Данилович Грач тапкан болчу. Кылыч Тувадагы Багырдын көрүстөнүн казуу учурунда табылган. Ал дамаск болотунан жасалган экен. Кайсы бир маалыматтарга караганда, аны Ортоңку Чыгышта жасашкан. Кылыч Хазар өлкөсүндө жасалса керек деген да жоромол бар.

- Юлий Сергеевич, кылычта кандайдыр-бир белги бар бекен?

- Кылычтын бетине алтын жалатылып, «Алла таала көмөк берсе, жеңишке жетүү оңой» деп жазылган экен. Кылыч орто кылымдардагы кыргыздардын сөөк өрттөө жөрөлгөсү боюнча сөөк коюлган жайдан - Багырдын көрүстөнүнөн табылды.

Көрүстөндүн жанында руна сымал жазмасы бар моло таш да бар болчу. Ташта: «Менин эрдик атым – Багыр. Мен жүз эрендин башчысымын», - деп жазылган. Багыр, демек, жүзбашы болгон. Ал азыркы Тува аймагында уйгурларга каршы уруш жүргүзгөн кыргыз кошуунунда кызмат өтөгөн тандалма жүз жоокердин башчысы болгон.

- Юлий Сергеевич, демек жаңы китебиңиз дал ушул археологиялык табылгага арналат экен да?

- Жок, китебим бул табылгага арналып чектелбейт. Анда кыргыздын алтынчы кылымдан он төртүнчү кылымга чейинки доордогу аскердик өнөрү жалпы калайыкка жеткиликтүү жатык тилде баяндалат.

Аны жазгандагы башкы максат эмнеде? Өзүңүз билесиз, ушул тапта тарыхты баяндаган популярдуу китептер көбөйүп кетти. Алардын арасында көчмөндөр тарыхы тууралуу «жалган илимий» эмгектер да арбын. Аларды адис эмес, дилетант кишилер жазып жатпайбы. Ошондуктан, көбүнесе окурмандардын колуна дарекке таянбаган, ойдон чыгарылган маалыматтарга мол китептер тийип жатат.

Менин китебим «Мегитария антиква» деген сериянын алкагында чыкты. Бул серияда башка авторлордун да бир нече эмгеги жарык көрдү. Алардын арасында көчмөндөр, сарматтар, Рим доорунун тарыхы боюнча жана башка китептер бар.

- Рахмат. Юлий Сергеевич, эми алдыдагы чыгармачыл долбоорлоруңуз тууралуу да учкай айта кетсеңиз.

- Жакын арада мен бир петербургдук автордошум болуп хуннулар, алардын жана гунндардын аскердик өнөрү тууралуу китеп жарыяламакчыбыз. Демек, анда Борбордук Азиядагы хуннулар менен Батышка ооп кеткен гунндар тууралуу жатык тилде баяндалат. Аларлын тарыхына салыштырма анализ берилет. Бул китептин негизги мүдөөсү – илимибиздин жетишкендиктерин окурмандардын кеңири чөйрөсүнө тааныштыруу.

- Рахмат, маегиңизге.
XS
SM
MD
LG