Бүгүн Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф Кыргызстанга эки күндүк ырасмий сапар менен келди. Ал Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, өкмөт башчысы Николай Танаев, ошондой эле парламенттин эки палатасынын төрагалары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Саясий, соода-экономикалык жана башка тармактардагы кызматташтык маселелерин талкууга алат. Өзгөчө көңүл Бишкекте ирандык “Маскян” банкынын филиалын ачуу ишине жана Кыргызстанда курулушу каралган гидроэлектр станцияларга инвестиция тартуу маселесине бөлүнмөкчү.