Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Ошто кышка даярдык начар


ОШ. Шаар мэринин социалдык иштер боюнча орун басары Мухиддин Мамасадыков быйылкы кышка карата жылуулук берүү системасынын даярдыгынын начардыгын, жаратылыш газы үчүн Өзбекстанга болгон карыздын көлөмүнүн өсүп кеткенин айтып, быйылкы кыш шаардыктар үчүн өтө оор боло тургандыгын белгиледи.

Шаардык жылуулук берүү борборунун директору Абдыкалык Молдоисаев келе жаткан жылуулук берүү сезону үчүн мазут сатып алуу үчүн тиешелүү каражат топтолбой, карыздарды өндүрүү кыйын болуп жаткандыгын билдирди. Бүгүнкү күнгө карата мекеме, уюмдардын жана калктын ишканага болгон карызы 2 млн. сомго жеткен. Анын көпчүлүгү 4-5 жылдан бери өндүрүлбөй келе жаткан карыздар.

Жыйындын жүрүшүндө шаардык электр тармактар ишканасынын өкүлдөрү да каражаттын жетишсиздигинен бир катар подстанциялар кезектеги ремонттон өтпөй калгандыгын, мына ошондуктан кышында электр жарыгынын берилиши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экендигин билдиришти.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG