Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

Пакистандын Сиалкот шаарында тополоң уланууда


Кечээ бу жерде шейиттердин мечитинде жуманамаз маалында бир жанкечти бомбасын жардырып жиберип, анын айынан отуздай адам мүрт кетип, элүүдөй киши жарадар болгон эле. Мечитте тополоң чыгып, жаалданган шейиттер шаарга аскер киргизилгендигине карабастан эки күндөн бери өкмөттүк имараттарды талкалап, полиция кеңселерине өрт коюп жатышат.

Исламабадда өлкөнүн маалымат министри Рашид Ахмед коопсуздук иштери күчөтүлгөнүн, айрым жерлерде чукул чаралар көрүлгөнүн белгилеп, бирок жанкечтилер бардык жерде пайда болушу мүмкүн экенин эскертти. Кечээки жанкечти жөнүндө так маалымат үчүн өкмөт 175 миң доллар өлчөмүндө сыйпул төлөп берерин жарыялады.

XS
SM
MD
LG