Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

ГЕРМАНИЯДА ИШТЕП ЖАТЫШКАН КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЗДАРДЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Алтынбек Исмаилов, Айжан Шаботоева, Бишкек Жумуш издеп чет өлкөлөргө кетип жатышкан Кыргызстандык улан-кыздардын саны барган сайын арбып барат. Айрым адистердин айтымында, сапарга аттанган жаштардын көбү - кыздар.

Айжан:

- Чындыгында жаш кыздардын жумуш издеп, ар кайсыл мекеме, уюмдардын эшигин жыртып жүргөнү жалпы журтка белгилүү. Мындай жаштардын көпчүлүгү Кыргызстандан иш табалбай, аргасыздан чет өлкөлөргө кетүүнүн жолдорун издөө менен алек.

Алтынбек:

- Маселен, жыл сайын Германиянын ар кайсыл шаарларына бала багуу үчүн кетип жатышкан жаш кыздар көп. Жакында эле аталган өлкөдө 1 жыл иштеп келишкен студент кыздар ал жакта өткөргөн күндөрү жөнүндө бизге чакан маек куруп беришти.

Айжан:

- Эмесе, микрофонду Германиянын Штудгарт шаарына барып, бала багып иштеп келген Шербет Асановага узаталы.

Шербет Асанова:

- Германияга учуп баргандан кийин эле мени тосуп алышты. Үйлөрүнө бардым, эки-үч күндөн кийин эле айтышты "эми саатка карап иштей баштайсың" деп. Дайыма ашканага план илип коюшчу. Негизгиси - баланы карачумун. Ал жакта азыр мендей болуп барган кыздар көп экен. Мен барганда эле Кыргызстандан келген эки кыз менен, Өзбекстандан жана Беларусиядан келген кыздар менен тааныштым.

Айжан:

- Ал эми Европадан келип сиз сыяктуу иштеп жүргөн кыздарды жолуктура алдыңызбы?

Шербет Асанова:

- Көбүнчө Чехиядан, Польшадан келген кыздар.

Алтынбек:

-Кыргызстандык жаштар менен Германиялык жаштардын ортосунда кандай айырмачылыктар бар экен?

-Аябай эле байкалды мага. Ал жакта кыз-жигит болуп кафеге барса бала өзүнө, кыз өзүнө төлөйт экен. Жаштар парктарга, дискотекаларга, бассейндерге барышат экен. Мектептеринде англис жана франсуз тилдерин окутат, бирок немис тилинде сүйлөшөт. Ал жакта кыз-жигит болуп, үйлөнбөй эле жүрө беришет экен. Пара берүү, пара алмай деген жок экен.

Айжан:

- Шербет Асанованын мына ушундай сөздөрүнөн кийин жыл сайын Германияга аттанып жатышкан жаш кыздардын кантип жана ким аркылуу кете тургандыктарын аныктоо максатында айрым адистерге кайрылган элек.

Алтынбек:

- Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин немис тили кафедрасынын башчысы Сымбат Садыкова бул туурасында мындай дейт:

-1995-жылдан баштап Арабаев атындагы университетте жыл сайын “Опермейтинг” программасы боюнча аңгемелешүү өтөт. Ага биздин мугалимдерден тышкары Германиядан, Австриядан келген волонтёрлор катышат. Жыл бою он беш кыз Германияга барып үй-бүлөлөрдө жашап, иштеп келишет. Алар ал жакта бала баккандан башка немис тили боюнча курстарга катышат. Жол акысын Германиядагы үй-бүлө төлөйт.

Алтынбек:

-Сымбат Садыкованын айтымында, аңгемелешүүгө 18 жаштан 24 жашка чейинки кыздар катыша алат. Ал эми кыздарды тандоо сынагы кандай өтө тургандыгы тууралуу аталган университеттин студенти Ш.Асанова мындай деди:

-Көбүнчө "бала менен үйдө жалгыз калсаң бала кечке ыйлай берсе эмне кылат элең?" же болбосо "көчөдө кетип баратканда бала сийип салса эмне кылат элең?" деген суроолорду берет экен.

Алтынбек:

-Аңгемелешүү калыс эле өтө бекен?

- Акча берип өтүп кеткен учурлар да болот. Мугалимдер өздөрү сунуш кылган учурлар кездешет экен.

Айжан:

- Маектешибиздин паракорчулукка тууралуу айткан мындай оюн 2003-жылы Германиянын Бонн шаарына барып, иштеп келген Гүлзат Сагынбаева мындайча толуктады:

-Чынын айтканда акча көп ролду ойноп кетет. Кээ бирөөлөр тилди билбей эле, акча берип кетип калган учурлар болот. Баргандан кийин ошол үй-бүлө төлөп берген акчанын суммасы - эки жүз евро.

Алтынбек:

- Жогоруда сөз болгон «Опермейтинг» программасынын шартына ылайык аңгемелешүүгө балдар кабыл алынбайт. Анткени бала бакканга кыздар гана жөндөмдүү деп эсептелет. Бирок ага карабастан жакшы акча төлөсө бала бакканы чет өлкөгө кеткенге макул болот элем деген эркектер да бар экен. Алсак, өзүн Замир деп тааныштырган жигит ушундай ойдо:

- Жакшы акча төлөсө барат элем. Кыргызстанда андай айлык жок болуп жатпайбы.
XS
SM
MD
LG