Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

АКШ жана Ирак аскерлери Самарра шаарын согушкерлерден кайтарып алды


Шаарды көзөмөлдөө үчүн Самаррада бир нече күндөн бери уруш жүрүп жаткан эле. Америкалык жана ирактык аскерий өкүлдөр ал жерде жеңишке жетишкенин бүгүн жарыялашты. Ушул жума күнү 300дөй америкалык жана ирактык 2000дей жоокер артиллериянын, аскерий учактардын коштоосунда шаарга чабуул баштаган.

Америкалык генерал Жон Батист бүгүн СNNге берген интервьюсунда бул жердеги операциянын "ийгиликтүү" деп мүнөздөдү. Ирактын коргоо министри Хазем Шаалам да СNNдеги маегинде Самаррадагы козголоңчулар басылганын белгиледи. АКШ армиясынын айтымында, бул жерде козголоңчулардын 125и жок кылынып, 80ден ашууну туткундалды.

Мунун аралыгында, өткөн түнү америкалык аскерий учактар Фаллужа шарында да, козголоңчулардын турумдарына абада сокку урду. Фаллужадагы дарыгерлердин билдиргенине караганда, андан жергиликтүү 2 адам өлүп, 10 киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG