Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:16

АБХАЗИЯДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ АЗЫРЫНЧА БҮДӨМҮК БОЛУУДА


Жекшембиде Грузиянын батышындагы өзүн Тбилисиден көз каранды эмес жумурият деп жарыялаган Абхазияда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Анын алгачкы бейрасмий жыйынтыгы талаш-тартыш туудурууда. Айрым булактар шайлоодо азыркы премьер-министр Раул Хажимбанын атаандашы Сергей Багапш жеңип чыкты деп айтууда.

Абхазия аймагы тышкы дүйнө үчүн Грузиянын курамында деп эсептелет, бирок иш жүзүндө жумурият расмий Тбилисиден көз каранды эместигин сактап келүүдө.

Жекшембидеги президенттик шайлоодо талапкер катары ат салышкан беш саясатчы тең Абхазиянын эгемендигин мындан ары чыңдоо ураанын көтөрүп чыгышты. Ал эми өзүн «бозгундагы Абхаз өкмөтү» деп атаган жана Тбилисинин колтугунда жайгашкан өкмөттү абхазиялыктар көзгө илчүдөй эмес.

Ушул тапта сыркоолоп жаткан президент Владислав Ардзинбанын орду үчүн беш саясатчы ат салышты.

Жекшембиде Абхазиянын аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Жумбер Салакая (Dzhumber Salakaya) кабарчыларга кайрылып, шайлоо өнөктүгү өтө кызуу жүргөнүн, эч кандай мыйзам бузуулар орун албаганын билдирген:

- Буга чейинки шайлоо өнөктүктөрүнөн азыркыдай жигердүүлүктү көргөн эмес элек. Бардык талапкерлердин байкоочулары өнөктүккө катышып жатат. Эч кандай адаттан тыш окуя болгон жок. Шайлоочулар абдан активдүү катышууда.

Арийне, шайлоочулар жигердүүлүк көрсөткөн менен, алардын добушун саноо жаатында өксүктөр байкалгандай. Маселен, дүйшөмбүгө караган түнү Абхазиянын шайлоо комисиясына шилтеме кылынып жарыяланган алдын-ала маалыматка караганда, учурдагы премьер-министр Раул Хажимба биринчи айлампада эле жеңип чыккандай болгон.

Бирок шайлоо комиссиясы дүйшөмбү таңда бул маалыматты кайра төгүнгө чыгарып, аны өзү таркатпагандыгын маалымдады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз өкүлү бул жалган маалымат кантип комиссиянын расмий интернет сайтында чыгып кеткени иликтенип жатканын айтты.

Ал эми мурдагы премьер-министр, атаандаш талапкерлердин бири Сергей Багапш мырза шайлоодо өзүнүн жеңип чыккандыгын, бирок шайлоо комиссиясы аны бурмалашы ыктымал экенин билдирди.

Расмий Тбилиси болсо бул шайлоого тынчсыздануу менен мамиле кылды. Маселен, дүйшөмбүдө Грузия өкмөтүнүн грузин-абхаз жаңжалын жөндөө боюнча жооптуу министри Георгий Хаиндрава ушул тапта Абхазиядагы президенттикке талапкерлердин ичинен бир дагы грузиячыл саясатчы жок экенин моюнга алды.

Абхаздардын айрым саясатчылары аймакты Орусия Федерациясына кошууга да ынтызар. Бирок расмий Тбилиси мындай ойду жуутпастан, акыры Абхазия жалпы Грузия аймагына саясий жактан баш кошот деп келет.

Сентябрдын 28инде грузин президенти Михаил Саакашвили абхаздарга карата мурдагы сунушун кайталап, аймакка кеңири автономиялык ыйгарым укук берилээрине убада кылган.

Бул шайлоо Абхазия өзүн эгемен жарыялаган мезгилден берки аймактагы атаандаштык негизинде өткөрүлгөн алгачкы президенттик шайлоо. Буга чейинки шайлоолордо президент Владислав Ардзинба жалгыз талапкер болуп келген.

Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу соңку расмий маалымат качан жарыяланаары азырынча белгилүү эмес.

Абхаз тили түндүк-батыш кавказ тилдер тобуна кирет. Дүйнөдө 105 миңдей абхаз бар. Алардын басымдуу көпчүлүгү Абхазиянын өзүндө байырлайт. Дини жагынан абхаздардын арасында мусулмандар да, христиандар да бар.

Абхаз жумурияты Грузиянын жалпы аймагынын 12,5 пайыздай бөлүгүн, болгондо да, Кара деңиздин чыгышындагы татынакай курорт аймагын ээлейт.

XS
SM
MD
LG