Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

ЕВРАЗИЯНЫ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ЖОЮЛГАН АЙМАККА АЙЛАНТУУ ЧАКЫРЫГЫ


Укук коргоочу Эл аралык Мунапыс (Amnesty International) уюму расмий Ташкенге кайрылып, өлүм жазасын жоюуга чакырды. Ушундай эле чакырык Беларус өкмөтүнө карата да жасалды. Ал эми Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө өлүм жазасы өкүмүн аткарууга убактылуу мораторий жарыяланган, бирок бул да укук коргоочулар тарабынан жетишсиз кадам катары сынга алынып келет.

Укук коргоочу «Эл аралык Мунапыс» (Amnesty International) уюму 4-октябрда жарыялаган коомдук кайрылууда мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен эки гана өлкөдө - Өзбекстан менен Беларуста өлүм жазасы жүзөгө ашырылып жаткандыгы тынчсыздануу менен белгиленген жана бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрымдуу болууга, өлүм жазасынан биротоло баш тартууга чакырык жасалган.

Бул эки мамлекетте тең, - делет кайрылууда, - сот системасы көз каранды бойдон кала берүүдө. Өзбекстан менен Беларуста убактылуу камакка алынгандар жана соттолгондор аларды суракка алгандар жана кайтаргандар тарабынан ур-токмокко алынган, ырайымсыз кыйноого учураган көрүнүштөр арбын.

Борбордук Азиядагы Өзбекстандан башка өлкөлөрдө өлүм жазасы жоюлган же мындай өкүмдү жүзөгө ашырууга мораторий жарыяланган.

Эгерде расмий Ташкен менен Минск өлүм жазасы өкүмүн жүзөгө ашыруудан баш тартса, анда жалпы эле Европа жана Борбордук Азия аймагы өлүм жазасынан эркин аймакка айланаар эле, - делет Эл аралык Мунапыс уюмунун кайрылуусунда.

Уюмдун Борбордук Азия жана Кавказ аймагы боюнча адиси Анна Сандер-Плассман (A. Sunder-Plassman) «Азаттыкка» мындай дейт:

- Мурдагы Советтер Биримдигинде өлүм жазасын жоюуга багытталган кубаттуу тенденция бардыгын көрө алабыз. Соңку жылдары көптөгөн мамлекеттер бул жазадан баш тартты жана ага мораторий жарыялады. Ушул тапта Беларус менен Өзбекстан гана абактагылардын өмүрүн кыйууда.

Эл аралык адистердин тынчсыздануусуна өзбекстандык укук коргоочулар да кошулат. «Энелер өлүм жазасына жана кыйноолорго каршы» уюмунун өкүлү Дилобар Худайбергенова «Азаттык» үчүн курган маегинде өзбек соту адилетсиз өкүм чыгарган учурлар арбын экенин, нечендеген жазыксыз кишилер далил жетишсиз болсо да айыптуу табылып, бейкүнөө жазаланып жатканын айтат.

Анын үстүнө, дейт бул ташкендик укук коргоочу айым, өзбек өкмөтү өлүм жазасына өкүм кылынган кишилердин канчасынын өмүрү ар жылы кыйылып жатканын жашыруун сыр катары тутууда.

- Өлүм жазасы ушунчалык жабык тема болгондуктан, бул жаатта эч бир ачык маалымат учурата албайсыз, - дейт Дилобар Худайбергенова айым.

Коңшу Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий 1998-жылдын декабрынан бери жыл сайын ырааттуу узартылып келет. Бирок өлкө акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу расмий Бишкекти мораторий менен чектелбестен, жазанын бул түрүн биротоло жоюуга чакырууда.

Эл аралык Мунапыс уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда бери дегенде 140тай киши өлүм жазасын күтүүдө. Быйыл январда кабарчыбыз Чолпон Орозобекова Кыргызстандын акыйкатчысы менен чогуу абактарды кыдырып, өлүм жазасын күтүп жаткан айрым кишилер менен жолуккан.

Алардын айрымдары «Азаттыкка» мындай деп маалымат берген:

- Өлүм жазасына каршыбыз. 30 жыл болсо да (абакка) которуп, зонага чыгарып коюшса дейбиз.

- Бешинчи жыл болуп калды отурганыма. Эмне кылабыз? Отурабыз. Айла жок! Адам баласы баарына көнөт экен. «(Эч ким) атылбасын» деген пикирим туура эле. Көп эле кишилер бул жерде туура эмес соттолгон деп ойлойм. Баарын реалдуу караш керек.

- Мораторий – хорошее дело, то что нам приостановили смертную казнь. А второе – мы сидим здесь очень долго. Мы уже искупили полностью свою вину, сидя достаточно много времени.


Орус тилинде сүйлөгөн соңку кишинин оюнча, өлүм жазасына мораторий жарыялоо, өкүмдү жүзөгө ашырууну токтотуу – дурус кадам болду. Бирок, анын оюнча, алар өлүм абагында узак мөөнөт отуруп, өздөрүнүн күнөөсүн толук актагандай эле болушту.

Эл аралык укук коргоочулар Кыргызстан менен байланыштуу дагы бир маселеге өзгөчө көңүл бурушат. Ал – камактагы айрым кишилердин өлүм жазасы жоюла элек өлкөлөргө өткөрүлүп берилиши.

Маселен, Кыргызстан абакта тутулган айрым кишилерди Өзбекстан менен Кытайга өткөрүп берген учурлар болду. Мындай кадамы менен адамдардын өмүрүн тобокелге салганы тууралуу расмий Бишкек ойлонуп отурган жок. Эл аралык Мунапыс уюму Бишкектин мындай саясатына да тынчсыздануу менен мамиле кылууда. Бишкектин мындай кадамы анын Европа Кеңешинин мүчөсү катары өзүнө алган милдеттенмесин бузууга жатаарын чет өлкөлүк жана жергиликтүү укук коргоочулар эскертип келишет.

Эл аралык Мунапыс уюму ар кандай өлүм жазасы – адамдын укугунун бузулушунун эң жогорку чеги болоорун эскертип, эл аралык коомчулукту бүт дүйнө жүзү боюнча бул ырайымсыз жаза түрүн жоюуга чакырып келет.
XS
SM
MD
LG