Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Германия Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгүн колдойт


Европа Биримдигин кеңейтүү боюнча атайын укуктуу өкүл Гуентер Верхеуджен Түркияны Евробиримдикке мүчөлүккө алуу тууралуу рекомендациясын сунуш кылды. Анда ырасмий Анкара Евробиримдикке кошулуу үчүн жетиштүү деңгээлде аракет көрүп, саясий талаптарды аткарууда деп айтылат.

Эми Европа комиссиясы бул жолдомону шаршемби күнү карап, бир чечимге келиши керек. Ошол эле учурда Түркияны Биримдикке кошуу тууралуу суроо ага мүчө мамлекеттердин атуулдары жана өкмөттөрү тарабынан колдоого алынышы зарыл.

Евробиримдиктин чиновниктери Түркиянын мүчөлүгү тууралуу маселе декабрда өтүүчү жыйында так чечиле тургандыгын айтышууда.

Германиянын канцлери Герхард Шрөдер бүгүн Прагада билдиргендей эгер Анкара Евробиримдик койгон талаптарды аткарса, анда Германия Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгүн колдойт.

-Еврокомиссия “Түркия Биримдикке мүчө болуу үчүн бүт талаптарды аткарды” деген билдирүү жасагандан кийин Германия Түркиянын мүчөлүгүн ошол эле замат колдоп чыгат,- деди канцлер.

Анкара акыркы айларда Еврокомиссия зарылдыгын белгилеген айрым реформаларды ишке ашырган. Алардын арасында өлүм жазасын алып салуу, экономикадагы эркиндик жана саясаттагы куралдуу күчтөрдүн ролун кемитүү чаралары бар.

XS
SM
MD
LG