Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

Франция менен Кыргызстан коргоо тармагында кызматташат


БИШКЕК. Франциянын коргонуу күчтөрүнүн башкы штабынын Евроатлантика кызматташтыгы департаментинин башчысы, генерал-лейтенант Патрик де Рузьенин Кыргызстанга сапары бүгүн соңуна чыкты. Франциялык аскерий жетекчи кыргыз-француз аскерий кызматташтыгынын 2005-жылдагы планына кол коюу максатында дүйшөмбүдө келген. Аталган иш чаралар ушул эле күнү дароо ишке ашып, аларга Кыргызстан тараптан коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов кол койду.

Жолугушуу учурунда Евробиримдиктин, НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Ушул эле иш сапардын учурунда Патрик де Рузье Франция коргоо министрлиги Кыргызстан коргоо министрлигине өткөрүп берген 2 млн. 600 миң сомдук гуманитардык жардам тууралуу актыга кол койду. Оорукта пайдаланууга багытталган буюмдарды Франция тарап Кыргызстанга 24-сентябрда жеткирген болчу.

XS
SM
MD
LG