Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

ҮЙСҮЗДӨРГӨ ЖЕР БЕРИЛДИ


ЗамираКожобаева, Бишкек Бишкек шаарында алты ай убакыттан бери ачык асман алдында жашап жатышкан жашоочуларга үй салуу үчүн жер берилди. «Азаттыктан» мурда кабарлагандай алар эт комбинатына караштуу, курулуп бүтө элек жатаканага эч кимдин уруксатысыз кирип, 3-4 жылдан бери жашап келишкен. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында аларды эт комбинатынын жетекчилиги турак-жайдан чыгарып салган. Там салуу үчүн ал 42 үй-бүлөгө он күн мурда жер берилген, 5-октябрда алар участокторуна көчүрүлдү.

Бишкек шаарындагы эт комбинатына караштуу жатакананын курулушу союз урай элек мезгилде эле башталып, кийин каражаттын жоктугунан улам токтоп калган. 2000-жылдары курулуп бүтө элек жатаканага шаарда турак-жайы жок адамдар эч кимдин уруксатысыз эле кирип, жашай башташкан.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башында эт комбинатынын жетекчилиги жана Ленин райондук акимчилик тарабынан алар жатаканадан чыгарылган эле. Көчөдө калган жашоочулар бийликтен жок дегенде үй курууга жер берүүсүн талап кылышып, бир нече жолу пикетке чыгышкан. Укук коргоочу Турсунбек Акундун айтуусунда жашоочулардан түзүлгөн демилге тобу райондук акимчилик менен келишим түзүшкөн:

- Ошол келишимдин негизинде алты айдан бери чуркап жүрүшүп он күн мурун жер алышты. Ленин райондук акимчилиги жер берүү жөнүндөгү чечимди тез эле бир айдын ичинде чыгарып беришкен. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы кечиктиргендиктен алты ай убакыт өтүп кетти.

Ачык асман алдында жашап жатышкан жашоочулардын маселеси октябрь айынын башында чечилди. Аларга Ленин райондук акимчилиги жана Бишкек шаардык мэриясы тарабынан шаардын түндүк-батыш тарабынан 6 сотыхтан жер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу демилге тобунун жетекчиси Айгүл Шаршенова мындай деди:

-Алты айдын ичинде көп кыйынчылыктарды көрдүк. Өкмөткө аябай чуркадык. Эми «Дордой» базарынын ары жагындагы талаадан 6 сотыхтан жер алдык.

Жашоочулардын көпчүлүгү күнүмдүк тапкан акчасы менен үй-бүлөсүн баккандар жана көп балалуулар. Суук түшүп, кыш босогодо турган мезгилде там салууга мүмкүнчүлүк жоктугун айтып нааразы болгондор да жок эмес. Өзүн Анара деп тааныштырган аял минтет:

- Жерди жок дегенде бир ай мурда берсе биз үчүн жакшы болот эле. Эч болбосо бир бөлмө тургузуп алмакпыз. Эми суук түшүп калды, фундамент кармабайт деп атышат. Эми жазга чейин батирге турганга аргасызбыз. Үйдү эмки жылы курабыз эми.

Ал эми бөлүп берилген жерине барып, бир бөлмө болсо да өздөрүнүн турак-жайын тургузууга аракет жасагандар да бар. Aлардын бири - Жылдыз Шаменова:

- Биз бул жатаканада жети балам, жолдошум менен төрт жыл жашадык. Жер берилээри менен кеткенбиз. Барып, анча-мынча курулуштарын баштадык. Эки бөлмө тамдын ордун ырастап койдук. Жолдошум өзү эле тургузат. Буюрса, он күндүн ичинде бүтүрүп киребиз деп ойлоп жатам.

Жатаканадан чыгарылган жашоочулардын арасында азиздер жана буту баспаган майып адамдар да бар. Аларга райондук жана шаардык жетекчилик даяр үй сатып беришмекчи:

- Көзү көрбөгөн эки жана буту баспаган бир майып киши бар. Аларга жер берген күндө да үй сала алышпайт. Ошондуктан аларга баш калкалаар турак-жай таап берели деп аракет жасап жатабыз. Бул маселе чечилди, азыр айрым юридикалык документтери такталып жатат. Ашып барса он күндүн ичинде алар үйлөрүнө киришет,-деди райакимдин орун басары Камчыбек Ташиев.

5-октябрь күнү үй салуу үчүн участок алышкан жашоочулар өздөрүнүн жерине көчүп кетишти.

Сүрөттө (архивден): Эт комбинатынын жатаканасынан чыгарылган апрелдин ал азаптуу күндөрү эми артта калды.

XS
SM
MD
LG