Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

КАЗАК ТАЖРЫЙБАСЫ, ШАЙЛООНУН ОЮНДАРЫ, ТҮРК ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ БОРБОРУ


Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы 10-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу макалага орун берди. ”Вечерний Бишкек” басылмасы да шайлоо темасына кайрылды.

6-октябрда жарык көргөн «KG-Рух» басылмасында өлкөдөгү чет элдик авиабазалар диний экстремизмди күчөтөбү? деген суроо коюлуп, «Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин АКШдагы иш сапарына байланыштуу эл аралык байкоочулар кыргыз-америка алакасы тууралуу өз көз-караш, пикирлерин билдиришти. Алардын бири - Колумбия университетинин илимий кызматкери Кимберли Мартен антитеррорчул күчтөрдүн Кыргызстанда жайгаштырылган авиабазасы эртеби, кечпи өлкөдө экстремизмди күчөтөт деген оюн жарыя кылды» деп жазат баяндамачы Эркин Мураталы.

Ушул эле басылмада кабарчы Аскарбек Ашымов келээрки парламентке бийликтен кимдер бараарын божомолдоп, казак саясый тажрыйбасы көрсөткөндөй президент Аскар Акаевдин кызы Бермет да шайлоого бараарын жазып, «анын артында турган «Алга, Кыргызстан» партиясы чындап эле эң таасирдүү саясий партияга айланып баратат. Бермет Акаеванын шайлоого катышып, жеңип чыгууга шансы бар» дейт.

Ошондой эле бийликтеги чиновник, министрлерден кимдер парламенттик шайлоого катышаары божомолдонот. Ушул «KG-Рух» басылмасы келээрки президенттикке талапкер делген Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин рейтинг, кадыр-баркын аныктоо үчүн окурмандарга анкеталык суроолорду жарыялады.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемесинде журналист Ибрагим Рустамбек өлкөдө 10-октябрда болчу жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу баяндап, депутаттыкка талапкерлерди “цивилизациялуу” жана “жапайы” деп экиге бөлүп көрсөтөт. “Шайлоодо “Алга, Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү жеңип чыгаарын, аларга тең келчү оппозициялык партиялар жоктугун” маалымдайт Ибрагим Рустамбек.

Шайлоо темасына 6-октябрдагы «Вечерний Бишкек» басылмасы да кайрылды. «Көпчүлүк шайлоо участоктору шаардагы орто мектептердин имаратына жайгашкандыктан шайлоо өнөктүгүнүн уюштуруу түйшүгү адаттагыдай эле мугалимдердин моюнуна жүктөлүүдө. Шайлоочулардын тизмеси такталып, шайлоо комиссиялары өнөктүккө даяр» деп кабарлайт кабарчы Зинаида Сорокина.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында өлкөнүн тышкы карыздарын эл аралык уюмдар, чет мамлекеттер кечиши мүмкүнбү? деген суроо коюлуп, түрдүү пикирлер айтылат. “Кумтөр” компаниясынын акцияларын сатуудан акча Кыргызстанга түшкөн же түшпөгөнүн да кабарчылар иликтөөгө алышкан. Басылманын баяндамачысы Сыргак Абдылдаев бул жолу Кыргыз-Кытай чегарасы тууралуу ой бөлүшөт.

“Кыргызстан - тейлөө кызматынын аймагына айланышы мүмкүн, буга өлкөнүн географиялык жайгашуусу ыңгай түзөт” дейт «Общественный рейтинг» жумалыгынын баяндамачысы Мурат Сүйүнбаев.

7-октябрда басууга даярдалып жаткан «Заман Кыргызстан» жумалыгында кандай мазмундагы макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу редактордун орун басары Нургүл Максутова мындай деди:

-«Түрк цивилизациясынын дүйнөлүк цивилизациядагы орду» деген эл аралык конгресстин материалдарына орун берилүүдө. Жакында Бишкекте болгон «Ырдайлы, кыргыз ырларын» фестивалы тууралуу макала да жарыяланууда. Мында кыргыз тилине башка улуттардын жаштары да кызыгып, үйрөнүп жатышканы тууралуу кеп болот.

Жума күнү жарык көрө турган “Аалам” басылмасындагы макалалардын мазмуну тууралуу редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеевдин жакында түзүлгөн «Кыргызстандын элдик кыймылы» бирикмеси тууралуу маеги жарык көрүүдө. Ошондой эле эстрада ырчысы Кахарова жөнүндө Бактыгүл Абдылдаеванын макаласы да бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG