Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Чечен президенти Еврокеңеште сүйлөдү


Жакында Чеченстандын президенти болуп шайланган генерал Алу Алханов бүгүн Европа Кеңешинин жыйынында сүйлөп, согуштан кийинки республиканы калыбына келтирүүнүн жолдору тууралуу ойлору менен бөлүштү.

- Чынында эле, Чеченстандагы элдин социалдык абалы жана өлкөдөгү саясий кырдаал оор бойдон калып жатат. Ал эми кылмыштуулук улам өсүүдө. Бирок саясий-социалдык абалды да, кылмыштуулукка каршы күрөштү да биз толук көзөмөлгө алдык жана бул жаатта ийгиликтер бар.

Алхановдун пикиринде, республикада адам укуктарынын абалы да ушул жылы жакшыра баштады. Бирок анын бул жааттагы билдирүүсү Европа Кеңешинин өзүнүн бааларына такыр карама-каршы келди. Президент кечээ билдиргендей, 18 миң качкын кайра үйлөрүнө кайткан.

XS
SM
MD
LG