Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:49

ОШТО АВТОБУС КАТТАМДАРЫ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАБЫЛГАН?


Кожогелди Култегин, Ош Ош облусу боюнча он төрт багыттагы автобус каттамдары токтотулган. Ал аймактарда жашаган калк аргасыздан жол катнаш эрежелерин бузууга да мажбур болушууда.

Учурда токтотулуп турган он төрт каттамдын ичинде Каракулжа-Түшүнүк, Каракулжа-Алайкуу, Папан-Кожоке, Мырзаке-Карашоро сыяктуу алыс аралыктагы каттамдар да, Куршаб-Жалпакташ, Ноокат-Араван, Өзгөн-Ичкесай сыяктуу жакын аралыктагы каттамдар да бар. Ал автобус каттамдарына эмне үчүн тыюу салынганын Ош облустук мамлекеттик акимчиигинин башчысынын биринчи орун басары Мамажусуп Нышанбаев мындайча түшүндүрдү:

-Облус боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Он төрт автобус каттамы токтотулган. Себеби быйыл жаан-чачындын жазында көп жааганына байланыштуу айылдарда көчкү, сел жүрдү. Транспорт министрлигинин балансында турат. Каражатын таап автобустарын оңдогондон кийин, атайын уруксат берилет.

Ошо жазында автобус каттамдары алынып салынган жолдордун бири дагы жаз, жай, күз айларында тиешелүү министрлик тарабынан оңдолуп-түздөлгөн жок. Автобус каттабай калса эле эл-журт каттоосун токтотуп койбойт экен. Ар кандай шартта, анын ичинде жол катнаш эрежелерин бузуу аркылуу оңдолуп бүтпөгөн автоунаалар менен дагы караламан калк каттоону улантып жатышат.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин башчысынын биринчи орун басары Мамажусуп Нышанбаев ошол катаал жолдордо «УАЗ» үлгүсүндөгү менчик автоунааларды расмийлештирип пайдалануу зарылдыгы бар экенин туура көрөт:

- Менчик унаалардын ээсинин каалосу боюнча жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилет. Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери, транспорт инспекциясынын кызматкерлери карап чыгып, автоунаанын абалы жакшы болсо патент алып, салык төлөп, жүргүнчүлөрдү ташыса болот.

Ал эми Каракулжа районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Азизбек Мусабеков «УАЗ» үлгүсүндөгү менчик автоунааларга толук патент төлөтүп иштетүү мүмкүн эместигин айтат:

- Көпчүлүгү патент төлөбөйт, анткени акем-үкөмдү, тууганымды, айылдашымды алып баратам десе биз патент төлө деп айта албайбыз. Алайкуу жолунда канча таш, аңгек бар, эки күндөн кийин машине сынып калышы мүмкүн.

Маселе барып-келип эле жолдордун оңдолуп-түздөлүшү менен эле чечилет беле? Кардалып жаткан калк өкүлдөрү ырас мамлекет бар болгондон кийин камкордукка алынган, толук камдуу автомобиль жолу болуш керек деген талап да. Калыбек Казиевдин пикири:

- Ушул доордо, ушул заманда бардык цивилизация жетишип турган кезде автобус барбаганы - бул уят иш. Мамлекет болгондон кийин, картада да биринчи жол чийилет, ошондуктан жолду биринчи салыш керек.

Өзгөндүк Зарылбүбү Кадырова мындай дейт:

- Өзгөн менен Ичкесай өтө жакын аралыкта. Ушул жерде автобус каттабаса болбойт. Бул өтө уят нерсе.

Папандык Талант Чалов азыркы жол жана автобус көйгөйүн төмөндөгүчө ашкерледи:

- Биздин Ошто ушундай макал чыгыптыр «Папанга баргандан көрө Коконго барган оңой» деген. Папандын жолу өтө айласыз, Кожокеге эч автобус каттабай калды.

Ош облусунун губернатору Накен Касиев да Ошко келгенден бери бир да жаңы автобус көрбөгөндүгүн коллегия жыйынында белгилеп өткөн эле. Үстүбүздөгү жылы 13 жол кырсыгы катталып, 29 киши жантаслим болуп, 37 киши жарака алган. Бул кайгылуу көрсөткүч өткөн жылдагыдан кыйла көп.

XS
SM
MD
LG