Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Добуштар салынуучу тунук үкөктөр Бишкек менен Чүйдө гана колдонулат


БИШКЕК. 9-октябрда жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт иштерин токтотушту. Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында жасалган ачык, тунук үкөктөр түндө авиаучак менен Бишкекке жеткирилди. Ал үкөктөр Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун шайлоо участокторуна таратылды.

Ал эми Ош, Жалалабад, Баткен, Талас, Нарын облустарында мурдагы үкөктөр колдонулат. Калган тунук үкөктөр Үрүмчү шаарынан автоунаалар менен жеткирилип, алдыда болуучу Жогорку Кеңештин шайлоосунда өлкөнүн баардык аймагында колдонулат. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG