Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

ООГАНСТАНДЫК КЫРГЫЗДАР ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО ДОБУШ БЕРИШТИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда жашап жаткан оогандар Ооганстандагы кечээги президенттик шайлоого добуш берүү укугунан пайдалана алышкан жок. Ал эми Ооганстандагы Памир кыргыздары бул алгачкы тикелей президенттик шайлоого өз добушун кошушту.

Кыргызстандагы оогандар түп мекениндеги президенттик шайлоого катыша алышкан жок. Ал эми Ооганстандын Бишкектеги элчилигинин кызматкерлери 9-октябрда кадыресе ишемби күн катары эс алышты.
Кыргызстандагы ооган качкындары коомунун жетекчиси Сейдмухамед Омар эгер мүмкүнчүлүк болгондо чын дилден добуш бермекпиз деп билдирди. Анын айтымында, Ооган өкмөтүнүн чечиминин натыйжасында алар добуш берүү укугунан пайдалана алышкан жок.

-Бизге добуш берүү укугун беришкен жок да. Биз барып добуш бермекпиз, бирок Борбор Азия мамлекеттериндеги оогандарга андай укук берилген жок. Иран менен Пакистандагы качкындар гана шайлоого катышты. Башка жерлердегилерге добуш бердиртишкен жок. Бул - Ооганстан өкмөтүнүн чечими болду.

Ал эми Кыргызстанда жети жылдан бери жашаган, качкын статусуна ээ Зулме Ибраимхил бул президенттик шайлоо Ооганстандагы кырдаалды оңдоор деген үмүтүн билдирди:

-Мен шайлоо Ооганстандагы кырдаалды оңдойт деп ойлойм. Ооган эли согуштан жана башаламандыктан чарчады. Алар акыры өлкөдө тынчтык жана демократия болушун каалашат.

Эгер Кыргызстанда туруп добуш бергенге мүмкүн болгондо Хамид Карзайды колдомокмун дейт ал. Зулме Ибраимхилдин айтымында, көпчүлүк оогандыктардын көкүрөгүндө куралчан топторго тиешеси бар жана башаламандыктын чок ортосунда жүргөн бир катар лидерлерге караганда Хамид Карзай билимдүү адам катары өлкөдө демократия жана бейпилдик орното алат деген ишеним бар.

Кыргызстанда бир убакта 1200дөй ооган болгон. Ооган качкындар коому билдиргенге караганда, бүгүнкү күндө 500гө чукул ооган жашап жатат. Анын ичинен 20дан ашык адам Кыргызстандын атуулдугун алган. Кыргызстанда жүргөн ооганстандыктар эларалык уюмдардын кийлигишүүсү менен Канадага жана Америкага кетүүдө. Бул өлкөлөрдө качкын статусу берилип, бардык шарттар түзүлөрү анык болгондуктан ал жакка кетүүнү каалагандардын катары калың.

Кыргызстандагы оогандардын көбү өз атажуртуна кайтууну эңсешет. Сайдмухамед Омардын пикиринде, Ооганстанга кайтуу бүгүнкү күндө мүмкүн эмес. Эгерде бул биринчи тике президенттик шайлоо демократиялык жараяндын башаты боло алса, анда кеминде эле он жылдан кийин гана Ооганстанга кайтуу реалдуу кадам болот деп боологолойт.

Ооганстандагы президенттик шайлоодо кат тааныбагандар колунун мөөрүн басышты. Бул көрүнүш ооган элинин көбүнүн сабатсыз экенинин далили. Көпчүлүк эксперттер Ооганстан калкынын басымдүү бөлүгүнүн жарды жана сабатсыз болгону бул шайлоонун адилет жана таза өтүшүнө тоскоол болорун белгилешет. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун пикирин тыңдайлы:

-Бул шайлоо демократиялык шайлоо болоруна күмөнүбүз бар. Ооган эли бизден да жарды жана өтө сабатсыз. Эл канчалык сабатсыз жана жакыр болсо ошончолук шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар көп болот. Кыргызстандын эли шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол берет, анан оогандыктар эмне болуп калыптыр.

Кубатбек Байболовдун пикиринде, бул шайлоодо АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн таасирин танууга болбойт. Америка өкмөтүнүн колдоосуна ээ, АКШда билим алган Хамид Карзай утуп чыгышы толук мүмкүн деп санайт.

Көпчүлүк эскперттер алдын ала эле Хамид Карзайдын жеңиши тууралуу ишенимдүү айтып жатышат. Бирок Ооганстандагы кырдаалды оңдогонго Хамид Карзайдын кудурети жетпейт деген да ойлор жок эмес. Саясый баяндамачы Турат Аким Ооганстандагы кырдаалды оң жагына бура турган лидерди мындайча элестетет:

-Иракты мисал келтиргим келет. Анын мурдагы жетекчиси суннилер, шийиттер жана күрттөрдү бириктире алган өңдүү оогандарга да сүрдүү жана күчтүү лидер керек. Ал эми Хамид Карзай учурда Ооганстандын борбордук аймагында гана таасирге ээ. Кокус коалициялык күчтөр чыгып кетсе, анын Ооганстанды башкара аларына ишенбейм.

Ал эми Ооганстанда жашаган кыргыздардын саны тууралуу так маалымат жок. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын Ооганстандагы кабарчысы Шах Мардан Муради Кабулдан телефон аркылуу билдиргенге караганда Ооганстандагы кыргыздар, казактар жана өзбектер да добуш беришти:

-Тоолуу Бадахшандын Памир чөлкөмүндө кыргыздар жашайт эмеспи. Алардын так санын айта албайм, бирок ал жактагы кыргыздар кечээги президенттик шайлоого баары тең катышып, өзү ылайык көргөн адамга добушун беришти. Ошондой эле Ооганстандын ар кайсы аймактарында жашаган казактар, өзбектер жана түркмөндөр да добуш беришти.

Ооганстандагы кечээги президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары качан чыгары азырынча белгисиз. Белгилүүсү - Карзайдын айрым атаандаштары шайлоонун мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG