Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Милиционерлерге камкордук күчөтүлөт


БИШКЕК. Ушул жылдын 1-ноябрынан тарта ички иштер кызматкерлерине тамак-аш үчүн ай сайын берилчү акчанын көлөмү 750 сомго жогорулайт. Мындай маалымат бүгүн Ички иштер министрлигинен алынды. Маалыматка караганда, бул каражат 2005-жылдын 1-январынан тарта 1020 сом болот. Ошону менен Ички иштер кызматкерлери алчу кошумча каражат Улуттук коопсуздук кызматы менен Коргоо министрлигинин кызматкерлери алчу каражат менен теңелет. Ал эми ЕККУнун тартип коргоо органдарын реформалоо долбоорунун алкагында Бишкектин Биринчи Май районундагы участкалык милиционерлердин кийими өзгөрөт. Азыр кандай түс жана форма иштөөгө ыңгайлуу болорун атайын адистер иликтеп жатышат. Аталган райондун участкалык милиционерлери жаңы үлгүдөгү кийимди сыноодон өткөргөндөн кийин министрликтин бардык кызматкерлери жаңы үлгүдөгү кийимге өтүүсү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG