Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

ИИМ 9 айда эмне иш кылды?


БИШКЕК.Бүгүн Ички иштер министринин биринчи орун басары Расулберди Раимбердиев министрликтин өткөн тогуз ай ичинде жасаган иштери тууралуу маалымат берип, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл кылмыштуулуктун деңгээли 10,2 процентке төмөндөгөндүгүн билдирди. Анын айтымында,буга ЕККУнун көмөгү менен тартип коргоо органдарын реформалоо жана элдин жашоо деңгээлинин жогорулай баштагандыгы жакшы өбөлгө түздү. Өткөн тогуз айда жасалган кылмыштын айынан 684 адам каза болуп, 1386 адам жарат алган. Кылмыштардын 177син чет өлкөлүктөр,842син жашы жете элек өспүрүмдөр, 823үн мурда соттолгондор, 1994үн топтошкон адамдар, 55ин уюшкан кылмыштуу топ жасаган. Өлкө боюнча, кылмыштардын бетин ачуу 82,8 процентти түздү. Ал эми эки буйрутма менен киши өлтүрүү боюнча эки адам камакка алынып, калган алты факт боюнча тергөө күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG