Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

МУКТАДА САДРДЫН СОГУШКЕРЛЕРИ КУРАЛСЫЗДАНА БАШТАДЫ


Дем алыш күнү жетишилген тынчтык келишимине ылайык, шийи согушкерлерине курал-жарактарын тапшырууга 5 күн берилет. Бул жөнүндө Ирактын Улуттук коопсуздук боюнча министри Касым Дауд билдирди. Аллавинин утурумдук өкмөтү радикал шийилердин лидери Муктада Садр менен жетишилген макулдашуу башка козолоңчулар менен да тил табышууга жол ачат деп үмүттөнөт.

Жекшембиде Багдадда өткөн пресс-конференцияда Дауд келишимдин деталдары менен тааныштырды:

- Куралсыздануу жараяны Садр калаасынан башталып, Ирактын башка аймактарында да улантылат. Курал-жарак чогултуу үчүн 5 борбор ачылып, алар дүйшөмбүдөн тарта иштей баштайт. Бул – шаар тургундарынын өз ыктыяры менен жасалган кадамы. Курал таштоого 5 күн берилет.

Курал чогултуу боюнча түзүлгөн комитеттин төрагасы Акил Абдул Карим ал-Сафар дүйшөмбүдө белгилегендей, бул жерде сөз оор жана орто курал жөнүндө болуп жатат:

- Биз ар кандай тоз тополоңго түрткү болуучу курал-жаракты чогултууну көздөп жатабыз. Адамдар жеке коопсуздугу үчүн ташып жүргөн жеңил курал аларда кала берет.

Курал-жарак тапшырылгандан кийин, Садр калаасында реконструкция иштери башталмакчы. Министр Дауддун айтымында, ал үчүн 500 миллион доллардан ашуун каражат бөлүнүп берди:

- Белгилей кетчү жагдай, шаарды калыбына келтирүү иштерине ири каражат каралган. Ирак өкмөтү 350 миллионго чукул доллар бөлүп берет, башка өлкөлөрдөн түшкөн каражат 150 миллион долларга жетет.

“Файненшнл Таймс” гезитинин жазганына караганда, жекшемби Багдаддын чет жакасындагы Садр калаасында бир нече айдан бери биринчи ирет тынч өттү. Буга чейин 30 августта Муктада Садрдын Мехди армиясы менен ок атышпоо жөнүндө келишимге жетишилип, бирок ал бир эле жумага созулган.

Азыркы макулдашуунун айрым негизги пункттарын болсо тараптар түрдүү комментариялап жатышат.
Садрдын өкүлү ал-Малики курал өткөрүп берүү үчүн акчалай компенсация каралганын айтат. Бирок шардын мечитинен окулган ок атышпоо жөнүндөгү келишимдин расмий текстинде антип айтылган эмес. “Бул иш-чара ыктыярдуу экенин белгилеш керек. Биз элдин мылтык-тапанчаларын күч менен тартып ала албайбыз, анткени ал курал Садрдын менчиги эмес”, - дейт “Файненшнл Таймстын” кабарчысы менен болгон маегинде молдонун жардамчысы.

Муктада Садрдын башка бир жакын кишиси Абдул Хади Даражи болсо куралсыздануу жараяны Ирак өкмөтү кыймылдын мүчөлөрүн абактан бошотуп, Садрдын колдоочулары камалбайт деген шартын аткарса гана башталат деп ырастаган эле.
Министр Дауд Садрга лоялдуу адамдар түрмөдөн чыгарылат деп бышыктады. Бирок кылмыш үчүн айыпталгандар камакта кала бермекчи.

Дауд Садр калаасындагы коопсуздукту камсыздоо Ирактын полициясы менен улуттук гвардияга жүктөлөт, керек болгон учурларда аларга АКШ жетектеген көп улуттуу күчтөр жардам берет деп белгиледи.

Ирактын утурумдук өкмөтү Садрдын согушкерлери менен жетишилген келишим башка козголоңчулар менен да тил табышууга үлгү болуп берет деп үмүттөнөт.

XS
SM
MD
LG