Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

КРЕМЛЬ УКРАИНАГА ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП КИМ ШАЙЛАНЫШЫ КЕРЕКТИГИН КӨРГӨЗДҮ


Украинада 31 октябрде президентти шайлоо өтөт. Ат салышуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Янукович менен азыркы бийликке оппозицияда турган Виктор Ющенконун ортосунда жүрүп атат. Ошондуктан талапкерлердин ар бир кадамы шайлоочулар көз алдында болууда. Жума күнү президент Владимир Путин өзүнүн туулган күнүнө чакырганга байланыштуу Украинанын президенти Леонид Кучма менен ал өлкө премьер-министри Виктор Янукович сый конок катары Маскөөгө келип кетишти. Анализчилер орусиялык жетекчилик муну менен Украинанын болочок лидерине Януковичтин шайланышын каалай тургандыгын билдирди дешет. Ошол эле учурда Кремлде Ющенконун шайланышы деле пайдалуу болор эле дешет.

Орусиянын лидери 52-ге келген күнүн Ново-Огареводогу, баш калаа кыласындагы кайтарык сарайында өткөрдү. Чет элдик коноктор болгон жок, бирок Укранина азыркы президенти Леонид Кучма менен ал өлкө өкүмөт башчысы Виктор Янукович келишип, эки өргүп алып, кайра кетишти. Журналисттер көзүнчө өткөргөн жолугушууда президент Путин:

- Украин эли кимди кааласа ошону шайласын биз аны менен сый-урматта болобуз, - деди.

Украина бул күндөрү өз тарыхындагы эң жооптуу кезин башынан өткөрүп аткандыгын президент Кучма айтты. Ал: «менден алдыдагы шайлоодо кайсы талапкерди колдоор элеңиз деп сурашканда, мен»:

- Мени ойлонткон нерсе – шайлоодо кимдин аты чыгып келетте эмес, президенттик шайлоо өткөндөн кийин эмне болотто деймин. Украина андан ары кайсы жолго түшөт? Кеп ушунда, а балким, кедери кетчү жолго түшөр?, - дейт Леонид Кучма.

Киевдик коноктор келип түшкөн, 8 октябрде «Колонный зал» сарайда Орусияда жашап аткан украиндер кезексиз курултайы өттү. Ага 1300 делегат катышып, алар Януковичтин президент болушун каалашарын билдиришти. Алардын алдында Виктор Янукович сөз сүйлөдү. Ал шайлоодо жеңип чыкса «орус тилине расмий тил укугун берип, ар кайсы жактарда жашап аткан украиндерге эки атуулдук укук бердиремин» деди.

Анализчилер баамында мындай кадамды Владимир Путиндин Украинага кимди президент кылып шайлоо ылайыктуу экенин билгизүү үчүн жазаган. Кремлдик саясатчы Глеб Павловский андай оюду ачыкка чыгарды:

- Орусия үчүн Украинада эки жаат болуп араздашуу абдан коркунучтуу болмок. Ал өлкөдө Саакашвили же азыркы туштагы Ющенко сыяктуу чет өлкөлүк кайсы бир чөйрөнүн көзүн карап, анын тилине кирип иш кылган президенттин пайда болушу абдан коркунучтуу болмок, - деди Натыйжалуу саясат корунун жетекчиси.

Ал эми саясий анализчи Андрей Пионтковскийдин эсеби боюнча шайлоодо Виктор Ющенко жеңишке жетет. Анын бийликке келиши баарыдан мурда эки мамлекетке тең пайдалуу болот:

- Орусия украиндик карым-катыштагы жеринен келе жаткан сен «аке» мен «үкө» айбыгыууну жыйыштырып мындан ары кадиресе мамиле жазаганга өтүү башталат, - дейт.

Украинанын биринчи президенти Леонид Кучма бул жолку иш сапарында орусиялык биринчи президент Борис Ельцин менен жолугуп алып анан кайра тартты.

XS
SM
MD
LG