Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

ЭЛАРАЛЫК ЭРКИН БАСМА ҮЙҮН ӨГӨЙЛӨГӨН КИМДЕР?


Өкмөт курамындагы Монополияга каршы департамент «МСН» гезитин атаандаштык эрежесин бузбоого чакырган токтом кабыл алды. Мамлекеттик «Учкун» концерни, «Вечерний Бишкек», «Бишкек таймс» гезиттери «МСН» басылмасы баасын арзандатып, гезит базарынын баркын түшүрүп жатат деп кине коюшкан. «МСН» гезити өкмөттүн Монополияга каршы департаменттин токтомун бийликтин эркин сөздү ооздуктоого карата жасаган кадамы катары баалап, Медиакеңешке кайрылды.

«МСН» гезитинин айланасындагы талаш барып-келип эле Бишкектеги Эларалык эркин басма үйүнүн дарегине тийери турулуу иш. «Чапанчанды чапсаң көйнөкчөнгө доо кетет» демекчи, ушу тапта чыгып аткан орус тилдүү басылмалардын арасындагы окумдуу гезит Эларалык басмаканадан көп түстүү ыраңда чыгып келатат. Ал басмакананын кызмат акысы кымбат экенин өкмөттүк гезиттер 10 айдан бери такай жазып келатышат. А бирок ага карабастан эркин басылмалардын көбү ошол жерден чыгууда.

- Биз азыр 60тан ашуун кардарга кызмат көрсөтүүдөбүз. Иштин илгерилешине үч басылма менен биргелешип түзгөн долбоордун жүзөгө ашышы өбөлгө түздү,-дейт Маалыматты колдоо борборунун жетекчиси Андрей Миясаров.

Эларалык эркин басма үйү 2003-жылдын 14-ноябрында ачылган. Андрей Миясаровдун айтымында, балапан басылманы өгөйлөө тенденциясы ошол кезден башталган:

- Ошол күндөн ушул күнгө жаңы ачылган басма үйүнө жаалданган чабуул башталды. Мен сынга анча деле чычалабайм.

Ушу тапта жаңы басылмадан чыккан гезиттердин бир айлык жалпы нускасы 1 миллиондон ашты:

- Бизге өтмөкчү болгон гезиттерге бийлик тарабынан аркыл кысымдардын көрсөтүлгөнүнө, «Учкун» концернинде кыргыз тилдүү гезит редакторлорунун жыйынындагы сестүү эскертүүлөргө карабастан, тартынбагандардын көбү бизге келишти,-деп маалымдады Андрей Миясаров. Анын ырасташынча, Бишкекте көп эле гезиттер бекер таратылат. Аларга эмне үчүн Монополияга каршы департамент унчукпайт?

Атаандаштык эрежесин бузуп, гезит базардын баасын түшүрүп атат деп кинеленген «МСНдин» башкы редактору Александр Ким департамент токтомун мыйзамсыз иш деп эсептейт:

- Укуктук жагынан алганда бул дегеле мыйзамга сыйбаган чечим. Монополияга каршы департамент чиновниктери менен юристтердин баары муну жакшы билишет. Токтом кабыл алыштан мурун гезит базарын иликтеп чыгуу керек эле. «МСН» гезит базарында жападан-жалгыз монополист экени факт түрүндө далилдениши керек эле. Ошондон кийин кине койсо жарашмак. Гезит базарында жалгыз үстөмдүк кылбаган, жадесе кыргыз тилдүү «Бишкек таймс» гезитине атаандаш болууга жарабаган басылмага, бул ишке деле тиешеси жок «Учкун» акционердик коомунун кийлигишип атканы түшүнүксүз. Басмакананын биздин гезитке кандай тиешеси бар? Болбосо «Южный рынок» гезити менен кандай проблемабыз бар? Бул башында эле гезитке саясий кысым көрсөтүү экени дайынга чыгып калган.

«Фергана» гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбеков ушу тапта мамлекеттик басмакана карызынан кутула албай, сапаттуу гезит чыгарчу Эларалык басма үйүнө жете албай атканын айтты:

-Ар бир санын чыгарыш үчүн басмаканага барып жалдырамай, аке демей, үкө демей, башка кыргызчылык иштин баарын жасап, эптеп чыгарып атабыз. Мына ошондой карыз болуп туруп мен сапаттуу гезит чыгарыш үчүн Бишкектеги көз каранды эмес Эларалык басма үйүнө келе албай жатам. Ошондуктан мына азыр гезитим карыз болгондуктан чыкпай турам, ага шылтап шайлоо алдында аны чыгарбай жаап коюшу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG