БАТКЕН. Облус бийлигинин демилгеси менен даярдалган мындай китепти аймактын эли, жери, табигый өзгөчөлүктөрү, социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалыматтар камтылып, жетишкен ийгиликтер жана көйгөйлүү маселелер жөнүндө да сөз болгон. Облус аймагында жашаган элдин өтүмүш тарыхынан үзүмдөр, Баткенден чыккан кыргыздын чыгаан уул-кыздары, белгилүү инсандар облустун район, шаарларын басып өткөн жолдору, азыркы абалы тууралуу да баяндар бар. Түстүү сүрөттөр коштолуп, кооздолгон мукабада басылган бул китеп миң нускада жарыкка чыкты. Китеп 16-октябрда белгиленчү облустун беш жылдык мааракесине чакырылган конокторго белек катары тартууланат.