Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук күч алды


КАРАКОЛ. Бул тууралуу маалымат өспүрүмдөр менен иштөө боюнча облустук комиссиянын кезектеги жыйынында белгилүү болду. Жыйында айтылган маалыматтарга караганда өткөн жылдан бери облус боюнча өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына 602 жашы жете элек балдар-кыздар катталган. Алардын 29 спирт ичимдигине берилгендер, 4 өспүрүм маңзаттарын колдонгондор, ал эми 102 өспүрүм шарттуу түрдө кесилгендер. Ушул тапта 328 окуучу тартип коргоо органдарынын такай көзөмөлүнө алынган. Ошондой эле 262 өспүрүм мектепке тартылган эмес, Каракол шаарынан жашы жете элек эки өспүрүм Аксуу районундагы жетим балдар жатак мектебине жиберилди.

XS
SM
MD
LG