Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы 14-октябрда чыгарылат


БИШКЕК. Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы 14-октябрда чыгарылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Алексей Тергалинский билдирди. Анын айтымында, учурда 41 депутаттык орундун жеңүүчүлөрү айкын болуп, калган үч орундуку белгисиз болуп турат. Анткени ал орундар үчүн талаш-тартыштар чыгууда, деди Алексей Тергалинский.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоону байкоого өлкө боюнча 1775 байкоочу жиберген «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясы өз байкоосунун жыйынтыгын келерки жумада жарыяламакчы. Бул тууралуу коалиция президенти Эдил Байсалов билдирди.

XS
SM
MD
LG