Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

КЫРГЫЗ ЭЛ ЖАЗУУЧУСУ МУХТАР БОРБУГУЛОВ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


Кыргыз маданияты менен адабияты оор жоготууга учурады. Узакка созулган оорудан кийин 74 жаш курагында Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, филология илимдеринин доктору Мухтар Борбугулов дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз эл жазуучусу, акын, драматург, филология илимдеринин доктору, Кыргыз республикасынын Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын ээси Мухтар Борбугулов 1930-жылы Сузак районунун Актоок айылында туулган. Алгач Жалалабаттагы педагогикалык окуу жайдан билим алып, кийин Бишкектеги педагогикалык институттан билимин уланткан.

Мухтар Борбугуловдун алгачкы китеби «Тамсилдер жана ырлар» деген ат менен 1956-басылып, андан кийин повесттерден, аңгемелерден, тамсил-фельетондордон жана ырлардан турган бир канча жыйнактары, «Элеттик жигит» романы, «Барпы» пьесасы жарык көргөн. Мухтар Борбугуловдун кыргыз адабиятындагы орду тууралу Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов мындай деди:

-Бул биздин адабиятыбыз, маданиятыбыз үчүн чоң жоготуу. Мухтар Борбугулов – ХХ кылымдагы улуттук адабиятыбыздын эң бир мыкты сынчысы дагы, философу дагы. Ал адабияттын жаңыдан улуттук деңгээлде түзүлүп келатканына көңүл буруп, көп эмгек сиңирди. Олуттуу, билимдүү, мыкты замандаш эле… Арты кайырлуу болсун.

Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев Мухтар Борбугулов менен Москвада Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунда таанышканын эскерди:

-Мухтар менен мен 1952-жылы Москвадагы Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунда аспирантурада окуп жүргөндө таанышкан болчумун. Кыргыз адабиятында чоң эмгек сиңирген чоң жазуучу жана адабият таануу илиминде көп эмгектенген чоң окумуштуу арабыздан кетип жатат. Мухтар сатирик акын эле, драматург эле. Ал СССР жазуучулар союзунун сыйлыгынын жана Кыргыз мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты эле. Мухтар Борбугулов өмүрүнүн аягына чейин тынымсыз иштеп келди. Акыркы жылдары жараткан көлөмдүү, маңыздуу эмгеги «Адабият теориясы» деген эмгеги болду. Мухтардын эстелиги жүрөгүбүздө дайыма сакталат. Кыргыз эли мындай чоң жазуучусун, илимпозун унутпайт.

Мухтар Борбугуловдун монографиялары, илимий-сын макалаларынын жыйнактары кыргыз адабиятынын өнүгүү жолуна жана анын проблемаларына арналган. Мухтар Борбугуловдун «Улуттук жана интернационалдуулуктун биримдиги» аттуу эмгеги СССР жазуучулар кошуунунун сыйлыгын алууга татыган.

1996-жылы «Сорос-Кыргызстан» фондусунун көмөгү менен жарык көргөн «Адабият теориясы» деген эмгеги Мухтар Борбугуловдун көзү тирүүсүндөгү соңку китеби.

XS
SM
MD
LG