Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:09

Газа тилкесиндеги аскерий операция керек болсо кеңейтилет


Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон Газа тилкесиндеги аскерий операция керек болсо кеңейтилет деп билдирди. Палестиндер израилдиктерге каршы чабуулдарын уланта берсе, согушкерлерге каршы жортуулубуз токтобойт деди Шарон.

“Ассошейтед пресс” агенттигинин кабарлоосуна караганда жөөт армиясы кечээ Беит Лахья деген жерде жолдорду бузуп, ондогон турак-жайды талкалап салды.

Бүгүн болсо армиянын аба чабуулунан палестиналык беш киши мерт кетти.

Израилдин эки жумадан бери уланып жаткан аскерий операциясынын натыйжасында палестиналык 100 чакты адам каза тапты. Тель-Авив алардын көпчүлүгү согушкерлер десе, палестин тарап өлгөндөрдүн көбү карапайым тургундар деп ырастап келатат.

XS
SM
MD
LG