Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

ШАШЫП ЖАТЫШАТ, «АШАРГА» 15 ЖЫЛ, КОСМОСТО КЫРГЫЗ БАЙРАГЫ


15-октябрдагы “Агым” басылмасында «Жолбүгүн» түрмөгү астында журналист Алым Токтомушевдин «Шашып жатышат» деген макаласы жарыяланды. Ал эми “Аалам”, “Жаңы ордо”, “Бишкек таймс” жана “Заман Кыргызстан” гезиттери да менчиктештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу ой- пикирлерге орун беришти.

15-октябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Алым Токтомушев “өлкөнүн экономика өркөчүн түзгөн ишканаларды сатуу ит куугандай шашылып жүрүп жаткандай таасир калтырат” деп жазуу менен “Кыргызтелеком” жана Кумтөр алтын кени арзанга сатылганын талдоого алат. “Ошентип байлыгы жагынан дүйнөдөгү эң ири он кендин бири делген, өлкөнүн алтын байлыгынын 70 пайызын түзгөн Кумтөр канадалык табакташтарга тартылды да кетти” деп жазат Алым Токтомушев.

Ушул эле гезитте шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болгон, кабарчы Асыран Айдаралиев «беш жылдын бетин бир күндүк жыргал ачабы?» деп суроо коюп, Бишкек шаардык кеңешке шайлоолор эртеңки парламенттик шайлоого сабак болоорун, Күрөңкеев шайлоо округундагы Акбата жаңы конушунун тургундары толугу менен шайлоого катышпаганын жазат.

«Чындыкты бетке айтып, «биз силерге шайлоо учурунда гана керекпиз. Беш жылда эмне иш бүткөрдүңөр, иш аткарган болсоңор айткылачы» деген жүйөөлүү суроолорду орус шайлоочулардын оозунан гана угуп жаттык» деп жазат кабарчы Асыран Айдаралиев.

«Агым» дагы кандай макалаларды жарыялаганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

-Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун күңгөй- тескейин чагылдырган макалалар, деги эле өлкөдө адилет шайлоо өтөбү? деген суроо коюлуп, түрдүү пикирлерге орун берилди. Өлкөдөгү электр тармактарын менчиктештирүү же менчиктештирбөө туралуу ой-пикирлер жана башка жаңылыктар жарык көрдү.

Ошондой эле жума күнү чыккан “Ааламда” журналист Элнура Кулуева даярдаган “Саясый сап” деген атайын бет жарык көрдү. Мында “эки жээк - эки пикир", "шыңгыраган телефон,” "бай талапкер иренжитпейби?” рубрикалары алдында түрдүү көз- караштарга орун берилди.

«Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Баяндамачы Кенжалы Сарымсаков экс-министр Ишенгүл Болжурова менен «Керексиз 50 филиалды жаптырып салгам» деген маеги жарык көрдү. Мында өлкөдөгү билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелер тууралуу кеп болот. Рамазан айы башталгандыктан өлкөнүн мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жумановдун куттуктоо, каалоолору, орозо тутуунун шарты жана тартиби, календары да жарыяланды.

15-октябрдагы “Жаңы ордо” Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболовдун өлкөдөгү саясый абал, энергетика тармагын менчиктештирүү, алдыдагы парламенттик шайлоолор тууралуу маегин жарыялады. Ошондой эле ушул басылмада саясатчы Жыпар Жекшеевдин “КДК” жана “Ашар козголушу” кыймылдарынын 15 жылдыгына карата учурдагы бийлик, коррупция жана оппозициянын аракеттери жөнүндө интервьюсу да басылды.

15-октябрдагы “Заман Кыргызстан” Кыргыз эл баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шариповдун космоско дагы бир ирет учушу, Кыргыз байрагын жана Өзгөндөгү туулуп-өскөн жеринин топурагын космоско ала барышы тууралуу маалымат берди.

Гезитте ошондой эле Түркия менен Кыргызстандын статистикалык мекемелеринин кызматташтыгы, өлкөдөгү дагы 140 обьект менчиктештирилээри, айыл чарба кызматкерлеринин эл аралык курултайы жана рамазан айы жөнүндө кабарланды.

Жума күнкү “Кыргыз туусу”, “Эркинтоо” , “Бишкек таймс” жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоолор адилет өткөндүгүн, шайлоодо айнек урналар коюлуп, айыл жергесиндеги шайлоочулардын активдүүлүгү тууралуу кеңири маалымат беришти.

“Бишкек таймс” журналисти Эмил Момунов “менчиктештирүү тууралуу бир жактуу пикирлер айтылып жаткандыгын, мурдакы совет доорундагы ишкана, завод-фабрикалар менчиктештирилгени менен учур талабына ылайык продукция чыгарууга жарамсыздыгын, карыздары менен кошо ишкерлерге берилгенин” талдоого алат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG