Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Мамлекет башчысы элге кайрылуу менен чыгат


БИШКЕК. 25-октябрда Эл өкүлдөр жыйынынын жыйырма биринчи сессиясы башталат. Ал эми 26-октябрда Жогорку Кеңештин кош палатасынын биргелешкен жыйыны өткөрүлүп, президент Аскар Акаев Жогорку Кеңештин кош палатасына жана элге кайрылуу менен чыгып, сөз сүйлөйт.

Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматынан алынган маалыматка караганда, жыйырма биринчи сессиянын күн тартибине отузга жакын маселе киргизилген. Алардын арасында республиканын 2005-жылдагы бюджетинин долбоорун талкуулап, кабыл алуу жана энергетика тармагын менчиктештирүү сыяктуу маселелер бар.

XS
SM
MD
LG