Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Орусиянын ички иштер министри Бишкекке келди


БИШКЕК. Кыргызстанга бүгүн Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев баштаган делегация келди. Ушул эле күнү ал эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин биргелешкен ачык кеңешмесине катышты. Биргелешкен жыйында эларалык терроризмге, маңзат соодасына жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү жолдору, өз ара кадрларды биргелешип даярдоо жана эки министрликтин ортосунда маалымат алмашуу деңгээлин жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле отурумда эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо тууралуу протоколго кол коюлду.

XS
SM
MD
LG