Мындай кадам январга белгиленген шайлоого чейин козголоңчулардын каршылыгын басуу үчүн зарыл, деп билдирди британ тышкы иштер министри Жек Стро. Лондон өкмөтү АКШнын ушундай өтүнүчүн кабыл алып, түштүктөгү райондордон Багдаддын чек-бакасындагы аймактарга канча сандагы аскер которуу керектигин караштырып жатат. Жек Стро бул ишти АКШдагы президенттик шайлоо менен байланыштыргысы келген божомолдорду кескин четке кагып, акылга сыйбаган кеп деп атады.