Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

МААЛЫМАТ ТЕРРОРУ БАРБЫ? УБАДАЛАРЫН АТКАРГАН ДЕПУТАТТАР КАНЧА?


Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин 6 миллион долларга кыймылсыз мүлк сатып алганы тууралуу маалымат карама-каршы ой пикирлерди жаратты. 19-октябрда жарыкка чыккан “МСН” жана “Кыргыз туусу” басылмаларында ушул темага орун берилди. Ал эми шейшемби күнкү “Эркин тоо” гезити Жогорку Кеңешке бир жолу депутат болуш "мурду менен тынып, оозу менен сүйлөгөндөрдүн" жашоодогу бирден бир мүдөөсү болуп калды, деп жазды.

19-октябрда жарыка чыккан “Агым” гезитинин "Жолбүгүн" рубрикасында кабарчы Алым Токтомушевдин “Шашып атышат” деген макаласы орун алды. Анда “Центерра” Кыргызстандын колун оңой менен жылыта койбосун канадалык “кандаштар” адаттагыдай мүлтүлдөтүп түзгөн кыргыз өкмөтү кучак жайып кабыл алган Инвестиция келишиминен байкаса болот, деп жазылат.

Ошондой эле 1997-жылы дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап кетти деп “Камеко” Кыргызстанга турмугун көрсөттү. Арийне, арзандаса да, сатыктан түшкөн кирешени бөлүшүүгө милдеткер болчу, не дегенде, кредит карызын төлөө мөөнөтү 1998-жылы башталгандыгын кабарлайт.

"Эртең-бүгүн приватташтырылат деп турган экономикабызыдын кыраркасы-энергетика тармактары да ушул тагдырга ээ болоору айкын" деген пикири чагылдырылган.

Ошондой эле басылмада массалык маалымат каражаттардын рейтинги жарыяланды. Рейтингге ылайык биринчи орунда “Азаттык” радиосу турат. Экинчи орунда орус тилдүү “МСН” гезити. Андан кийинки орундарда “Вечерний Бишкек”, “Агым” гезиттери турат. Андан улам “Пирамида”, “Кыргызстан обондору”, “КТР” жана “Дело№” маалымат каражаттары орун алды.

Ал эми кечээ чыккан “МСН” басылмасында москвалык “Экспресс-газета” аттуу басылмадан көчүрүп алынган “Аскар Акаев Пугачеванын кошунасы болуп калды“ деген макала Акаевдин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин жинденген маанайын пайда кылды деп жазат басылманын кабарчысы Рина Прижвойт.

Автор эмне үчүн бул макала басма сөз катчынын ушундай мамилесин жаратты, атайын макулдашылып жазылган макаланын баасы 600 доллар экенин кайдан билет, балким өзү да кимдир бирөөлөр менен макулдашуу түзүп жүргөндүр деген ой пикири менен бөлүштү.

Ал эми кечээ басууга чыккан “Кыргыз туусу” гезити бул макала тууралуу оюн билдирди. “Маалыматтык террор” деген ат менен чыккан макалада гезиттин кабарчысы ашкере оппозициячыл басылмалардын бийлик өкүлдөрүнө такай асылып, президент жөнүндө да жалган маалыматтарды таркатып туруусу адат болуп калды, деп маалымдады. Ошондой эле Президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев журналисттерге маалымат жыйынын берип, ал материалдарды жокко чыгарганын белгилеп кетти.

Пресс-катчы "“МСН” гезити Россиянын кайсыл бир санда жок басылмасынан көчүрүп баскан материал эч кандай чындыкка ылайык келбейт, президент Москвадан квартира сатып алган эмес", деп билдирген.

“Кырыгыз Туусу” басылманын ушул эле санында 17-18-октябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Борбордук Азия кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги жолугушуусунун жыйынтыгы туурасында макала орун алды.

Мындан сырткары ушул эле басылмада “Дастан” улуттар аралык корпорация” ачык акционердик коомунун коммерциялык директору Улукбек Ормонов менен маек орун алды.

"Жогорку Кеңешке бир жолу депутат болуш мурду менен тынып, оозу менен сүйлөгөндөрдүн жашоодогу бирден бир мүдөөсү болуп калды", деп жазат 19-октябрда жарыка чыккан “Эркинтоо” басылмасы. Анда азыркы жетишпеген заманда, айрыкча элет адамдары булардын сунуштарына макул болууга аргасыз. Айткан сөздөрүнө туруп, убадаларын аткарган депутаттар чанда гана кездешет, деген оюн Алтынай Аширалиева билдирди.
XS
SM
MD
LG