Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

«Кыргызтелекомду» сатууну токтотуу боюнча токтом кабыл алынды


БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын Өнөр жай жана ишкерчилик боюнча комитети бүгүн «Кыргызтелеком» ишканасын сатуунун мыйзамдуулугу боюнча маселени карады. Жыйында «Кыргызтелеком» мыйзамсыз сатылып жаткандыгы белгиленип, аталган ишкананы сатууну токтотуу жана аны сатууда кетирилген кемчиликтерди териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу тууралуу токтом кабыл алынды.

Мындай токтомдун кабыл алынышына Эл өкүлдөр жыйынынын 2004-жылдын 7-июлунда "Кыргызтелекомду" сатпоо тууралуу токтомуна карабай кыргыз өкмөтү аталган ишкананы сатып жаткандыгы жана ишкананы сатууда да бир катар кемчиликтер кетирилгендиги себеп болду.

Ал эми жыйынга катышкан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин башчысы Равшан Жээнбеков «Кыргызтелеком» ишканасы Жогорку Кеңештин кош палатасынын 1998-жылы кабыл алган токтомуна ылайык сатылып жаткандыгын билдирип, депутаттардын жогоруда айткандарына макул болгон жок.

«Кыргызтелеком» ишканасын менчиктештирүү боюнча өткөрүлгөн тендердин биринчи этабы соңуна чыгарылган. Ага ылайык аталган ишкананын 51 пайыз акциясын сатып алууга 16 миллион 200 миң доллар сунуш кылган германиялык “Detecon” ишканасы жеңүүчү деп табылган.

XS
SM
MD
LG