Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

22-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча 22-октябрда Кыргызстанда күн ачык болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
Сары өзөн ЧҮЙдө түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде –1...-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +16...+21 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +15...+20 градуска жылыйт.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0...-2 градус суук, күндүз +12...+17 градус жылуу болот.
Тоолуу НАРЫН облусунда түнкүсүн 0…+5 градуска чейин жылуу, айрым жерлерде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +12...+17 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында жаан-чачындын болушу күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +18...+20 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG