Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

ОРУСИЯ МИГРАЦИЯ ЭРЕЖЕЛЕРИН КАТУУЛАТТЫ. КЫРГЫЗ "ЧЕЛНОКТОРУНУН" КӨРГӨН КҮНҮ ЭМНЕ БОЛОТ?


Бесландагы каргашалуу окуялардан кийин жакында Орусиянын мамлекеттик думасы миграциялык эрежелерди катаалдата турган мыйзамдарды кабыл алды. Ушундан улам Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Орусияда жүргөндөрдү жана Орусияга барып иштөөнү каалагандарды бул өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырууда. Анткени ушул тапта Москва шаарынын милиция органдарынын колунда Орусиянын миграция эрежелерин бузганы үчүн 46 кыргызстандык кармалып отурат.

Беслан каргашасынан кийин Орусиянын мамлекеттик думасы бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, миграция тартиптерин катуулатты. Бул иш-чаралар мамлекеттик коопсуздукту күчөтүү максатында жүргүзүлүп жатканы түшүнүктүү. Бирок ал жаңы эрежелер кең Орусиянын аймагында көртирликтин айынан иштеп, жашап жүрүшкөн чет өлкөлүктөргө бир топ жаңы түйшүктөрдү алып келди.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин жетекчиси Зафар Хакимовдун айтымында, эми мурдагыдай эле чаар ала баштыкты жонго илип, «кайдасың эй, Орусия, Орусия бир боор энем» деп жөнөп кетүү жанды тобокелге салганга тете иш болуп калды:

-Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизишти. Ага ылайык Орусиянын аймагына келип, мыйзамсыз эч кандай документсиз жүргөн адам мурда бир минималдык айлык өлчөмүндө - 100 рубль айып төлөсө эми жаңы эрежелерге ылайык 10 минималдык айлык өлчөмүндө айып төлөйт. Ошондуктан Орусияга барып иштеп келсем деп план түзүп жаткандарга айтаарым - мурдагыдай "барсам тигил жакта байкем бар, таяэжем бар, алар мага жумуш таап берсе эптеп бир нан таап келем" деген ойдон алыс болуш керек.

Зафар Хакимовдун айтымында, Орусияга эми мыйзам талап кылган баардык документтерди Кыргызстандан эле алдын-ала чуктап алып, даярданып туруп жолго чыгыш керек. Алар кандай документтер:

-Эң биринчиден, паспорттун чет өлкөгө чыгууга укук берүүчү "загранстраница" деп коё турган бети ачылыш керек. Экинчиден, бара турган жеринин дареги анык болуш керек. Үчүнчүдөн, бара турган жердеги жумушка чакырган адам, мекеменин четтен келген адамды жумушка алууга уруксат берүүчү кагазы барбы, жокпу - ушуну тактап алыш керек. Эң негизгиси - кетип бараткандан поюздан 1000 сом 2000 сомду үнөмдөйм деп, "коён" болуп кетпей, өкмөттүн билетин сатып алыш керек. Анткени, Орусияга поюздан түшкөндө эле поюздун билетин текшеришет. Алгачкы проблема - ушундан башталат. Мына ушуларды тактап, камдап алып анан жолго чыгыш керек.

Зафар Хакимовдун маалыматы боюнча, акыркы бир жарым жылда бир эле Москвадан Бишкекке 500дөй кыргызстандык депортацияланган. Эми мындай катаал чаралар мындан ары да күчөтүлмөкчү. Анткени ушул тапта Орусиянын аймагында президент Владимир Путиндин жардыгы менен миграциялык инспекциялар түзүлүүдө. Анын башкы максаты – Орусиянын кең аймагында мыйзамды кыйгап жашап жүрүшкөн чет элдиктерди аныктап, аларга айыппул салып, департациялоо:

-Тилекке каршы биздин балдардын көпчүлүгү паспортун милицияга алдырып койгон. Же болбосо көчөдө чөнтөгүнөн уурдатып жиберген. А кээ бирөөлөрдүн болсо паспортуна "депортациялансын" деп мөөр-штамп коюп салгандан кийин - алар жакшы билишет 5 жылга чейин Орусияга кайра бара алышпайт, - ошону жашырам деп "паспортумду жоготуп жибердим" дегендер да бар,-дейт Миграциялык департаменттин жетекчиси Зафар Хакимов.

Кыргызстанда 1-декабрдан тартып жаңы паспорт киргизүүгө камылгалар жүрүп жаткандыктан азыр жаңы паспорт алыш оңой эмес.

Кыргыз бийлиги Орусиядагы мекендештердин укуктарын коргоп, жашоосун жеңилдетиш үчүн бир катар иштери жасап жатканын айтып келет.

Орусиянын ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, катоодон өткөн кыргызстандыктардын саны Орусияда 80 миң адамдын айланасында. Ал эми Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин эсебинде 300 миңдей алатоолуктар Орусиянын аймагында күн көрүшүүдө. Алардын укугун коргоо боюнча мамлекеттер аралык келишимге Орусия менен Кыргызстан 1996-жылы эле кол койгон.

Өткөн жылдын сентябрында президент Аскар Акаевдин Москвага барган сапары учурунда ал келишимге кошумча протоколго кол коюлган жана ага ылайык кыргызстандык мигранттар бир катар жеңилдиктерге ээ болмок. Бирок аны азырынча Орусиянын мамлекеттик думасы ратификациялай элек.

Зафар Хакимовдун айтымында, жакында эле биринин соңунан бири Бишкекке иш сапары менен келип кеткен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев аталган протоколду Мамдумада тез арада ратификациялоого жардам берүүгө сөз беришти:

-Министрлер келгенде протоколду ратификация кылууну тездетүүгө сөз беришти. Кыргыз өкмөтү жасап жаткан экинчи бир жакшы иши - биздин департаменттин Москва шаарында, анын филиалдарын Красноярск жана Самара шаарында ачып жатабыз.

Аталган протокол күчүнө кирсе кыргызстандыктар бир катар жеңилдиктерге ээ болушат.

Кыргызстандын Орусиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Кемелбек Нанаев Орусиянын мамдумасы мигранттарга талапты катуулаткандан соң «Азаттыкка» мындай пикирин билдирди:

-Биздин мамлекет аракетти көбүрөөк жасашы керек. Биз мамлекеттин астына көп маселе коюп жатабыз. Себеби, миграция боюнча элге түшүнүктүү программа зарыл.

Кыргыз өкмөтү Орусиянын аймагында жүргөн мекендештерди улуттук азчылык катары статуска жеткирүү жана улуттук маданий борборлорду ачуу аркылуу алардын укуктарын коргоого аракет кылууда. Ушул тапта Орусиянын 20 субьектисинде кыргыздардын улуттук борборлорун ачуу аракеттери жүрүп жатат.

Ушул тапта Миграция департаменти Орусиянын Свердловск, Ярославск, Москва жана Ленинград сыяктуу облустарында мыйзамдуу жумуш орундарын уюштурууга аракеттенүүдө.

Азырынча болсо поюзга түшүп, бактысын Орусиядан табууну көздөп жаткандар бир өзүнө, анан бир кудайга ишенишет өңдөнөт. Орусияда иштеп жүргөн Муктар деген маектешибиз "документиң жайында болсо да баары бир акча бербесең ишиң жүрбөйт" деген пикирин айтты.

XS
SM
MD
LG