Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:09

Түркмөнстанда Борбор Азиянын эң чоң мечити ачылды


АШХАБАД. Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов бүгүн өзү туулуп-өскөн Кыпчак айылында Борбор Азиядагы эң чоң мечитти ачты. Ашхабаддан алыс эмес жерде жайгашкан мечиттин курулушуна 100 миллион доллар жумшалып, курулуш иштерин Франциянын фирмасы аткарган. Аянты 17500 чарчы метрди түзгөн мечиттин ичине бир эле маалда 10 миң мусулман намаз окуй алат. Мечиттин дубалдарына Кураани Каримдин сүрөөлөрү менен бирге Ниязовдун «Рухнаама» деген китебинин үзүндүлөрү жазылган. Түркмөнстандын ырасмий прессасы «Рухнааманы» ата мекенди сүйүүгө, ыймандуулукка жана үй бүлөнүн асыл нарктарын аздектөөгө үйрөткөн Куран менен Инжилге тете китеп деп сыпатташкан.

XS
SM
MD
LG