Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАР ДА «МАНАС» ЭПОСУН ИЛИКТЕШЕТ


Азиза Турдуева, Бишкек «Кыргыз көчү» аттуу берүүбүздүн кезектеги чыгарылышында сөз Кытайда жашаган кыргыздардын «Манас» эпосун изилдеши тууралуу болот. Кытай Эл Республикасында жашаган кыргыздарда мурдатан эле элибиздин улуу дастаны сакталып келгендиги белгилүү. Бирок аларда «Манас» эпосун кагазга түшүрүү, анын ар кандай варианттарын чогултуу, башка тилдерге которуу сыяктуу иштер 1950-жылдардын аягында гана колго алынган.

Шинжаң аймагынын борбор калаасы Үрүмчү шаарындагы «Манас» коомунун жетекчилеринин бири, манас-таануучу Адыл Жуматурду мындай дейт:

-Кытайдагы 1949-жылдагы элдик төңкөрүштөн кийин бүткүл мамлекет боюнча аз сандуу улуттардын тилин, адабиятын иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Мындай саясаттын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын бири – Кытайдын Шинжаң аймагындагы тоолуу райондордо жашаган кыргыздардын оозеки адабиятын изилдөө болгон. Бул максатта 1957-жылы атайын иликтөө тобу түзүлгөн. Шинжаңдын аймагында жашаган кыргыздардын тилин, адабиятын изилдөө иштерин жүргүзүү менен бирге, иликтөөчүлөр манасчылар менен да жолугушуп, алардын айтуусу боюнча «Манастын» айрым үзүндүлөрүн кагазга түшүрө башташкан. Мисалы, ошол мезгилде Кытайдагы кыргыздардын ичиндеги белгилүү манасчылардын бири катары таанымал болгон Улуучат районундагы Кызыл Ой айылынын тургуну Эшмат Мамбеттин айтуусу боюнча «Семетейден» «Семетей менен Айчүрөктүн тоюна» байланыштуу окуя кагазга түшүрүлгөн. Дастандагы бул окуяны улуту кытай Лю Фажун, уйгур улутундагы Аблемет Садык аттуу иликтөөчүлөр кытай жана уйгур тилдерине которуп, ошол мезгилде уйгур тилинде чыгуучу «Тарим» жана кытай тилиндеги «Теңир-Тоо» журналдарына жарыялашкан, - дейт Адыл Жуматурду.

Кытайдагы кыргыз "Манас" таануучулары белгилешкендей, ошол жылдары коомчулукта «Семетей менен Айчүрөктүн тоюнун» жарыяланышы чоң кызыгууну туудурган.

Ал эми иликтөө тобу кыргыздардын кылымдардан бери оозеки түрдө сакталып келген бул дастаны жөнүндө, анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жогорку бийлик органдарына маалымдайт. Кытай өкмөтүнүн маданият тармагын тейлеген органдарынын сунушу менен 1958-жылы «Манас» эпосун иликтөө тобу уюштурулат. Бул ирет ага Бейжиндеги улуттар институтунун аз сандуу улуттар адабиятын иликтөө боюнча адистери, Шинжаң уйгур автоном районунун жазуучулар коомунун өкүлдөрү, "Манас" таанууну баштаган жаш илимпоздор кирген. Алардын ичинде кийинчерээк Кытайдагы "Манас" таануучулар катары белгилүү болуп калышкан Лаң Йың, Ху Чженьхуа, Лю Фажун жана башкалар болгон. Кытайдагы кыргыздардын ичинен болсо бул топко санжырачы Үсөйүн Ажы, адабиятчылар Сакен Өмүр, Токтосун Алтын жана башкалар кирген.

Бул ирет да, иликтөө тобу Кытайдагы кыргыздар көп жашаган Шинжаң аймагына караштуу Кызылсуу кыргыз автономиялуу облусунун Акчий, Улуучат, Актоо, Артыш райондорундагы манасчыларды издешип, алардын айтуусу боюнча эпостун бөлүмдөрүн жаза башташат. «Манас» эпосун иликтегендер Акчий
районунда жашаган Жусуп Мамай аттуу манасчы менен таанышат. Кыргыздардын залкар манасчысы деп эсептелген Жусуп Мамай «Манастын» ата-бабаларын жомок кылып айтуусу менен өзгөчөлөнөт.

Ал ушул жылдын 6 айынын ичинде «Манастын» алдыңкы 5 урпагын айтып берген. "Манас" иликтөөчүлөр ошондой эле Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча «Манастан» 3800 сап ыр, «Семетейден» 27000 сап, «Сейтектен» 2900 сап ыр кагазга түшүрүлгөн. Андан сырткары Эшмат манасчы «Манастын» алдыңкы үч урпагынан 10 миң сапты ыр менен айтат.

Үрүмчү шаарындагы «Манас» изилдөө коомунун башкы максаты: улуу дастанды сактап калуу, ар тараптуу иликтеп-изилдөө, башка тилдерге которуу, Шинжаңда жашаган манасчылардын айтуусу боюнча эпостун жаңы варианттарын кагазга түшүрүп, чыгаруу болуп эсептелет.

Буга чейин «Манас» коому тарабынан Жусуп Мамайдын айтуусундагы Манастын 8 урпагынын баатырдык окуялары камтылган 15 китеп чыгарылды. Ошондой эле «Манас» эпосу боюнча бир нече илимий жыйнактар Үрүмчү жана Кызылсуу кыргыз облусундагы кыргыз басмаканаларынан жарык көрдү.

Быйыл болсо Кызылсуунун борбору Артышта белгилүү манасчы Эшматтын айтуусундагы «Семетей» китеби, Үрүмчүдө болсо Жусуп Мамайдын айтуусундагы "Манастын" кыскача мазмуну камтылган эки эмгек чыкты.

Бул эмгек жакында славян жазуусунда да жарык көрдү. Белгилүү болгондой Кытайдагы кыргыздар араб графикасын колдонушат.

Айтор Кытайдагы "Манас" таануучулар «Манас» эпосуна байланыштуу иликтөөлөөрүн үзбөй улантышууда.

Мисалга алсак, «Манас» коомунда эмгектенген Токтобүбү Ысак манасчы Эшматтын "Манас" айтуу өнөрүн иликтөөлөрүн жүргүзүп жатса, жаш манас-таануучу Ысакбек Бейшенбек Шинжаңдын Текес аймагында жашаган манасчы Сатыбалды Аалынын айтуусу боюнча дастанды кагазга түшүрүү иштерин аяктоодо.

Сатыбалды Аалы "Манастын" ата-бабаларын жомок кылып айтып, «кыргыздын түп атасы Түгөйкан» деп баштап, ага байланышкан баатырлардын жомогун баяндайт. Ал эми "Манас" таануучу Нооруз Үсөналы учурда «Манас» эпосуна байланыштуу кандай эмгектердин үстүндө иштеп жаткандыгы жөнүндө мындай дейт:

-Мен азыр эми «Манас» эпосуна байланыштуу үч теманын үстүндө иштеп жатам. Биринчиси, Жусуп Мамайдын манас айтуу өнөрү жөнүндө, экинчиси, «Манас – кыргыздардын жүрөгүндө» деген темада. Андан сырткары, «Манас» эпосундагы курал-жарактар жөнүндө.

Нооруз Үсөналы билдиргендей, жакында Үрүмчүдө «Манас» эпосу жөнүндө кытай тилинде китеп чыкты.
XS
SM
MD
LG